Templates by BIGtheme NET

16-17 жашка чыккан кыздар турмушка чыгып кетип жатышат

Кыздарды эрте турмушка берүүнүн алдын алуу керек, анткени ал жеке кишинин же үй-бүлөнүн эмес, жалпы коомдун да көйгөйү. Ошондуктан ага каршы туруу керек. Ушул максатта Жалал-Абад шаарындагы мектептерде кыздарды эрте турмушка берүүнү алдын алуу максатында “Айымдар жана кыздар тынчтыкты куруу аракетинде” долбоорунун алкагында иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондусунун Жалал-Абаддагы координатору Анар Жумабаева билдирди.

Шаардагы №3 Ж. Бакиев атындагы орто мектепте өткөрүлгөн максаттуу иш-чара жалпы мектеп окуучуларын гана эмес, мугалимдер менен ата-энелерди да кызыктырды. Окуучулардын форум театры коомдук турмушта кезигип келаткан кыз ала качуу жана эрте турмушка чыгуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү сахналаштыруу менен ушул маанилүү көйгөйдү көтөрүп чыгышты. Бул маселе тууралуу уюштурулган талкууга мугалимдер, ата-энелер, коомчулуктун жана бийликтин өкүлдөрү катышышты. Алар жаш кыздарды эрте турмушка берүү көрүнүштөрүнө каршы экендиктерин билдиришти.

-Кыздарды эрте турмушка берүү көйгөйүн көтөрүп чыктык. Себеби мыйзамдын талаптары башкача болгону менен 16-17 жашка чыккан кыздар турмушка чыгып кетип жатышат. Бул терс көрүнүш экенин мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жеткирүү керек. Жалпыга маанилүү бул маселенин кеңири түшүнүктүү болушу үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнөн, казыяттан, дарыгерлерден, мэриядан өкүлдөрдү чакырганбыз. Алар келип, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Бул иш-чара менен эле токтолуп калбайбыз. Кийинки иш-чарабыз диний-экстремизмди алдын алуу темасында өтөт,-дейт А. Жумабаева.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кара-Көлдө тойдо бийлеген киши каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful