Templates by BIGtheme NET

Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди.

Исаков чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын белгиледи. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланды.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, “Ак тилек”, “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

 

fakt.kg

Тема боюнча:  Жээнбеков Путин менен жолугушту

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful