Templates by BIGtheme NET

Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара маселеси боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара  көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды чатырлар жана ысык тамак менен камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы  абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды  ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кубанычбек Кулматов жаңы кызматка дайындалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful