Templates by BIGtheme NET

Маалымат жыйында Эрдоган уктап калып, аны Порошенко ойготуп (Видео)

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Украинанын президенти Петр Порошенко менен биргеликте берип жаткан маалымат жыйында уктап калып жатты. Аны байкаган Порошенко столду колу менен уруп, кесиптешин ойготту.

Түркия президенти Режеп Эрдоган Крымдын аннексиясын тааныбай турганын билдирди. Анын айтымында, Түркия Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантат. Бул тууралуу Эрдоган Киевде Украина президенти Петр Порошенко менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Эрдоган жарым аралдагы маселе “кылдаттыкты” талап кыларын айтып, Анкара крымдык татарларга жардам берүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Маалымат жыйынында Порошенко Донецк жана Луганск облустарында БУУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн кеңири орун алышына Түркия жардам берет деп ишенип жатканын билдирди.

Эрдоган менен Порошенконун Киевдеги жолугушуусу үч саатка созулду. Мамлекет башчылары туризм, энергетика, аскер жана коргонуу өндүрүшү тармагындагы кызматташууларды талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү бир нече келишимдерге, анын ичинде инвестицияны биргеликте коргоо, кош салык стандартын жоюуга кол коюшту. Жакынкы беш жылда Украина менен Түркия товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Казакстандын жаштары башка өлкөгө кетүүнү каалайт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful