Templates by BIGtheme NET

Беттегенин бербеген Дүйшөн Чотонов 50 жашка толду

Дүйшөн Чотонов, карапайым үй-бүлөдөн чыккан , эркиндикти жана адилеттикти сүйгөн тоолук жигит. Кара кылды как жарган калыстыгы бар. Өз ак эмгеги менен өсүп өнүп, депутат, министр, элчилик кызматтарда иштеп, иштин майын чыгара аткара ала турган кесипкөй кадр экендигин далилдеди.

Бирок, анын курчтугу, өткүрлүгү, бийликке жагынып, жасоокерленбеген мүнөзү жогорку эшалондогу чиновниктерге көп жага бербеди.  К. Бакиевдин тушунда Каркыранын казактарга сатылышына, электр энергиясынын кымбатташына, мамлекеттик мүлктөрдү жеке колго өткөрүп алып жаткан карөзгөй, авторитардык саясат менен акыр аягына чейин күрөшүп далай ирет куугунтукталып келди. Адилеттүү бийликти орнотуу үчүн  “Ата-Мекен” партиясы менен биргеликте революциялык кыймылдардын активдүү мүчөсү катары чогуу жүрдү. Эки революцияда тең алдыңкы сапта болуп,  өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы элди ээрчитип чыгууда ат көтөргүс салым кошкон.  Депутат катары айта турган болсок, парламенттеги көтөргөн маселелери, киргизген мыйзамдары жалаң  карапайым калктын кызыкчылыгына багытталган. Өзгөчө кырдаалдар министри кызматында иштеп турганда, ал ведомстводо катуу тартипти орнотуп, жаратылыш кырсыктарын алдын алууга жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга бөлүнгөн акча каражаттарды максаттуу пайдалана билген министр катары көпчүлүккө таанылды. Муну менен катар, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп да эмгектенди. Өзү иштеген төрт жыл аралыгында бул эки мамлекеттин ортосундагы карым катышты, дипломатиялык мамилени жакшы жолго коё алды. Мигранттарга кам көрүү,  инвестиция тартуу, Түштүк Кореянын тажрыйбасын пайдалануу менен айыл чарбасын, текстиль өнөр жайын алдыга жылдыруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууга салым кошту. Жаштар менен тыгыз иштешип, бир кезде жаштар уюмунун жетектеген да жайы бар.

Ал эмнеге камалды?

Өмүрбек Текебаев саясий оюндардын курмандыгы болуп, камакка алынган учурда, Чотоновду камоо тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Бирок, Текебаевдин ак экендигин далилдеген фактылар биринин артынан бири чыгып, кантип каралоо керектиги боюнча пландар түзүлө баштаганда, Д. Чотоновду да бул оюнга кошушат. Тактап айтканда, аны Текебаевге каршы көрсөтмө берүүгө үндөшөт. Бирок, достукту жана адамгерчиликти бийик туткан Дүйшөн мырзага мындай сунуштарды четке каккан. Ошентип, аны да бул ишке кошушуп, камакка алуу операциясы ишке ашкан.

Тема боюнча:  Жээнбеков менен Назарбаев эмне жөнүндө сүйлөштү

Тарых таразалайт

Дүйшөн Чотоновдун калыстыгын жана достукка бекем экендигин, ошол эле маалда кайсыл кызматта иштебесин анын таза, коррупциялык иштерге аралашпагандыгын убакыт жана тарых таразалайт. “Бектер кетет бел калат, бетеге кетет эл калат”… Элдин уулу болуш сыймык. Чотоновдун сынбаганы анын баатырдыгы. 50 жашыңыз кут болсун!!!  Ак ийилет, сынбайт!!! Ден-соолугуңуз жана кайратыңыз болсо,  кыла турган кызматыңыз али алдыда…

fakt.kg

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful