Templates by BIGtheme NET

Ч.Турсунбеков: “Туура эмес жол менен алдыга чыкканча, татыктуу жеңилип берген артык”

Бүгүн,28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду.

Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын башкы артыкчылыгы демократиялык негизде ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгү экенин белгилеп: “Дүйнө бизге жогору баасын берип, акыркы шайлоолордун мыкты уюшкандыкта өткөнүн ачык айтып келишет. Андыктан, ушул багытыбыздан тайбай, демократиялык чакырыктарды бекем карманган өлкө катары быйылкы Президенттик шайлоону да татыктуу өткөрүп алалы”, – деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы талапкерлерге бирдей шарттарды түзүү менен үгүт иштеринде мыйзамсыздыктарды болтурбоо керек тигине токтолуп: “Туура эмес жол менен алдыга чыкканча, татыктуу жеңилип берген артык. Талапкерлер менен катар ар бир Кыргызстандын жараны өлкөнүн келечеги үчүн шайлоонун таза өтүшүнө өз салымын кошушу зарыл. Анткени бийликтин туткасы эл”, – деп кошумчалады.

Ал эми эл өкүлдөрү шайлоо өнөктүктөрүн уюштурууга тиешелүү мекемелерди жоопкерчилик менен иштөөгө чакырышты.

fakt.kg

 

 

 

Тема боюнча:  Жээнбеков менен Назарбаев эмне жөнүндө сүйлөштү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful