Templates by BIGtheme NET

Аскар Акаев: “Исламдашуу мени тынчсыздандырат”

Аскар Акаев Кыргызстандын келечеги, азыркы абалы, президенттик шайлоо жана экономикага болгон көз карашы тууралуу Sputnik радиосунуна маек бериптир.

Журналисттин «Болочок президенттин программасы кандай болушу керек? Кандай көйгөйлөр жана чакырыктар биринчи орунда турушу зарыл?»-деген суроосуна, «Мен үч көйгөйдү көрүп турам. Биринчиси популизм менен байланыштуу. Популист саясатчылар көп нерсени убадалайт, эл ага ишенип алат. Бирок дүйнөдөгү бир дагы саясий лидердин сыйкыр таягы жок. Андыктан өлкөнүн башына реалист-саясатчы келет деген пикирдемин. Экинчи маселе – бул исламизация. Мен Кыргызстанга 12 жылдан бери бара элекмин, бирок такай маалыматтарды окуп турам. Жашоонун бардык тармагын камтып бара жаткан исламдашуу мени тынчсыздандырат. Ал жакшылыкка алып келбейт. Сирияда эмне болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар “Ислам мамлекетинин” катарында согушуп жүрөт. Бул кишилер мекенине кайтып келип, террор уюштурушу ыктымал. Үчүнчүдөн – өлкөнүн бөлүнүшүнө каршы күрөшүү керек. Мамлекетти башкарган он жылда мен үчүн элдин биримдигин камсыз кылуу биринчи орунда турду. Акыркы жылдары бир гана саясий элитада эмес, элдин арасында дагы бөлүнүү болгонун сезип жатам. Бул өтө коркунучтуу»,- деп жооп берген Аскар Акаев.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful