Templates by BIGtheme NET

Патрулдук милиция шаар борборунда тартип орното албай жатат (ФОТО)

Алынган маалыматтарга караганда, шаар борборундагы Ленин көчөсүнүн Турмуш-тиричилик үйүнүн тушундагы тилкесине унаа токтотууга тыюу салынган. Кала берсе, жөө атуулдар жүрбөсүн үчүн жол чети темир менен тосмолонгон. Бирок, унаа кыймылы абдан интенсивдүү болгон ошол Ленин көчөсүндөгү ошол тыюуга карабастан, атуулдар беймарал унааларын токтотуп коюшууда.

Ошондой эле шаар борборундагы Нагима Айтматова көчөсүндөгү унаалардын жана жөө атуулдардын башаламан кыймылын иретке салуу үчүн көп аракеттер болгон. Көчөнүн эки тарабы тең унаалар токтобой жүрүүчү тилкелерге бөлүнгөн жана жол боюнда унааларды токтотуп коюуга тыюу салынган. Бирок, дале башаламандыктар жоюлбай, унаалар туш келди токтотулуп, жол кыймылынын эрежелери бузулууда.

Шаар борборундагы эң интенсивдүү делген Ленин көчөсүнө орнотулган светофорлорго айдоочулар да, жөө атуулдар да карабай, жол эрежелери одоно бузулуп жатат. Ал эми ушул айтылган башаламандыктарды иретке салуу, айдоочуларды жана жол кыймылын тескөө патрулдук милициянын колунан келбей жатканы өкүнүчтүү. Себеп бир гана – көзөмөлдүн, аракеттердин начардыгы, натыйжасыздыгы. Патрулдук милиция кызматы өз ыйгарым укуктарынын алкагында эч болбосо шаар борборундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышпаса, анда көп каражаттар сарпталып жасалган иштердин шаар жана шаар калкы үчүн акыбети болбойт.

 

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкекте келинди зордуктап, өлтүргөн эки мыкаачыга сот өкүм чыгарды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful