Templates by BIGtheme NET

Алексей Модин берген көрсөтмөсүн өзгөрткөн

Бишкек шаардык сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту болуп жатат.

Соттук отурумдун жүрүшүндө, төрагалык кылган судья Адис Момуналиев Алексей Модиндин февраль айында  берген көрсөтмөсүн окуду.

Алексей Модин өз көрсөтмөсүндө  2010-жылдын 13-майында Текебаев менен Чотонов “MegaCom” үчүн 1 миллион доллар талап кылышкан. Алар менен чогу  маркум Талант Маматкеримовон сырткары Өмүрбек Абдрахманов дагы отурган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жана райондук сотто Модин айткан күнү Өмүрбек Абдрахманов алар менен чогу болгондугу мүмкүн эмес болгон.  Себеби Абдрахманов ал кезде АКШда жүргөн.

Экинчи берген көрсөтмөсүндө Алексей Модин көрсөтмөсүн өзгөртүп, Абдрахмановду 2010-жылдын 21-декабрында көргөнүн айткан. Абдрахманов өзү Модинди качан көргөнүн эстей албайт. Анын айтымында, алар кышында жолуккан.

fakt.kg

Тема боюнча:  Депутат Матраимов: "Жанымда дагы бир депутат бар болчу"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful