Templates by BIGtheme NET

Самара Каримованын алган наамы боюнча жаңы жайгдайлар чыкты

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн Самара Каримованын аты-жөнү бар тизмени көрбөгөндөрүн билдирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында аталган министрликтин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Өзүбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 18-июлда маданият ишмери, артисттер мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүү үчүн 15 жылдан кем эмес стажга ээ болуусу керектиги тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.

“Жаш артисттерди, анын ичинде ырчы Самара Каримованы сыйлаган тизмени президенттин аппаратына министрлик жөнөткөн эмес. Биздин коллегия бул тизмени көргөн эмес. Бул тизме кайдан чыкканы белгисиз. Жаңы мыйзамга ылайык, бардык ведомство, облус жана башка маморгандар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү тизмесин бере алышат. Бирок бул алар тизмени берери менен сыйлык берилет дегендик эмес. Тизме тиешелүү министрлик менен макулдалышы керек”, – деди ал.

Министрликтин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы сахнага чыкканына аз эле болгон жаш аткаруучулардын мамлекеттик сыйлыктарды алып жатканына элдин нааразычылыгы түшүнүктүү деп эсептейт.

Анын айтымында, жылына Маданият министрлигине 600дөн ашуун мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин аты-жөнү келип түшөт. Алардын ичинен комиссия 20га жакынын тандайт. Андан соң бул тизме КР президентинин аппаратына жөнөтүлөт.

fakt.kg

Тема боюнча:  Чүй каналына унаа түшүп кетип айдоочу 6 жашар баласы менен каза болду

One comment

  1. Пулуң болсо кулуңмун деген заман болуп калды. Бизде туура тескөө жок. Оозу кыйшык болсо да байдынн уулу сүйлөсүн болуп жатат. Мисалга өзүмдү эле алсам. Бир системада 25 жыл иштеп жатам. Шаардык, облусттук ар кандай ардак грамоталар, дипломдордун жана маданияттын мыкты кызматкери төш белгинин ээсимин. Бирок менин акчам таанышым жок, ошону үчүн жок дегенде президенттин да грамотасын ала албасам керек. Болбосо булар элге таанылып эле алгандары болбосо, мага окшоп, жергиликтүү, областтык, республикалык деңгээлдеги иш чараларды өткөрүп, күйүп бышып азбы көппү жан үрөшкөн эмес. Менин булардыкындай рекламам, бизнесим болгондо эмгек сиңирген эмес, эл артисьин алып көймокмун. Себеби башын окусаңар түшүнөсүңөр.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful