Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда мугалимдер курстардан өтүшүүдө

 Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерде иштеген мугалимдер өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында тийиштүү курстардан өтүшүүдө. Бул шаардагы мектептерде окутуунун сапатын жогорулатуу программасынын алкагында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы Айдай Арапбаева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде ар бир район-шаарларда окуу-усулдук бөлүмдөрү ачылган. Андай бөлүмЖалал-Абадшаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында да уюшулган жана азыркы тапта мугалимдердин жалпы педагогикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча аракеттерди жасап жатат.

-Үстүбүздөгү 2017-2018-окуу жылына карата биздин уставдын негизинде усулчулар кабыл алынган. Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү максатында ар кандай окуулар башталды. Семинардан окуп үйрөнүп келген мугалимдер өздөрүнүн эмгек жамаатына барып, алган билимдерин башкаларгаүйрөтүшөт, – дейт ал.

Ошондой элешаар мектептеринде көп тилдүүлүк программасы иштеп баштайт. Мисалы, өзбек тилинле окутуучу мектептерде мамлекеттик тилди окутуу, кыргыз мектептеринде орус тилин кошумча окутуу каралган. Окуу жылдын аягына чейиншаарда жалпы 61 мугалим курстан өтүшү керек.

fakt.kg

Тема боюнча:  Түркияда сабалган кыргызстандык аялдын тагдыры (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful