Templates by BIGtheme NET

ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп Абдыш Коомбаев дайындалды

ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп Абдыш Коомбаев дайындалды. Бул тууралуу  ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

 

 

Маалыматка ылайык, Милициянын полковниги Коомбаев Абдыш Абазович 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы КМУУну бүтүргөн. 2008-жылы Россия Федерациясынын ИИМнин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору.
1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөп, 1992-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. Анын ичинен Сокулук жана Чүй РИИБнин тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Аида Саляновага акыркы сөз берилет

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful