Templates by BIGtheme NET

Токтайым Үметалиева: “ Апам сенден кечсем кечем, бирок кудаларымдан эч качан кечпейм дечү”

Көп жылдан бери коомдук, саясый иштерде активдүү аралашып жүргөн айымдарыбыз көп. Саясатта орду бар, айтканынан кайтпаган Токтайым Үметалиеваны  баарыбыз эле билсек керек. Бул айым өлкөдөгү ар кандай коомдук саясый иштерде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Биз, бул айым менен саясаттан сырт, жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу маектештик.

 

-Ар бир жаран бала кезин эстегенде айылы көз алдына тартылат. Сиз кайсыл жердин кызы болосуз, ата-энеңиз кандай кишилер эле?

-Мен азыркы Бакай-Ата айылында туулгам. Атам өмүр бою шахтер болуп өттү, бала кезимде атам 120 рубль пенсия алаар эле. Атам жаш балдарга арналган гезит журналдарга жазылып, бизге алып берчү. Атамдын достору үйгө келгенде “Кызым окугандарыңды бизге кыргызча айтып берчи”, –  дечү. Мен “Атам өзү орусча билет го, эмнеге кыргызча котортуп  жатат”, – деп ойлочумун. Көрсө, атам “Кызым эне тилин унутуп калбасын. Кызым орус мектепте окуса, кыргызчаны билиши керек”, – деп орусчаны кыргызчага котортчу экен.

-Мектепте кандай окуйт элеңиз?

-Мен орус мектепте окугам, окуган мектепте мугалимдер орус, немистер болчу. Ошентип, немистердин колунда тарбияланып калдым, мектепте жакшы окуп, ийгиликтүү бүттүм.

Жогорку билимди азыркы Кыргыз улуттук университетинен алдым. Дипломдук ишимди Россиядан жактап келгем. Студент кезимден эле партиянын мүчөсү болуп шайланып иштеп келдим.

-Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле?

 

-Россиядан дипломдук ишимди жактап келип, шаардык кеңеште иштеп жатканда бир чоң иш-чара болмок. Ошонун алдында үйгө барып келейин деп айылга баратып таанышып калгам. Жолдошум Политехникалык институтту бүтүп, жаңыдан иштеп жаткан экен, ошентип таанышып баш кошуп калганбыз. Биринчи кыздуу болгонго чейин мугалим болуп иштегем.

-Балдарыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

-Менин үч кызым бар, азыр баары турмушка чыгып, үй-жайлуу болушкан. Улуу кызым өз күчү менен Ангилядагы белгилүү университеттердин биринде билим алып, ошол жактан жолдошу менен таанышып, турмушка чыккан. Экинчи кызым турмуш жолуна эрте аттанды, күйө балам өлкөдөгү белгилүү ырчылардын бири. Үчүнчү кызым азыр укук коргоо тармагында иштеп жатат.

 

-“Ай-Данек” гезитин кантип ачып калдыңыз эле?

-Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин өлкөдө жаш балдарга арналган гезит-журналдар чыкпай калды. Неберелериме балдар үчүн чыккан гезит-журналдар жок экен. Анан ойлонуп олтуруп, балдар үчүн гезит чыгарууну туура көрдүм. Гезит чыгарсам мени колдогондор көп болот деп ойлоп, гезит ачтым. Биринчи чыкканда 10 миң тираж менен чыгарып, бир күндүн ичинде мектептерге тарап кетти. Бирок кийинки сандарын чыгаруу бир топ кыйынга турду, бирок мен гезитти токтотпой чыгарып келдим. Эгер, мен гезит чыгарбасам, азыр чоң бизнесменге айланмакмын. Бирок балдарыбыздын келечеги үчүн деп иштетип келдим.

-Куда-сөөктөрүңүз тууралуу айта кетсеңиз, алар менен мамилеңиз кандай. Алар сиздин саясый ишмердүүлүгүңүздү колдошобу?

-Мени өзүмдүн ата-энем да, кайната кайненем да, куда-сөөктөрүм да колдошот. Кудаларым менен өтө ынак мамиледемин, эгерде кудалар ынтымакка келишпесе, анда эки жаштын турмушу эч качан жакшы болбойт. Илгери кыргыздар келинге тике карап сүйлөчү эмес, анткени келинден төрөлгөн балдарда бир нече кишинин каны агат. Келинди, баланы эч качан каргабаш керек. Кудаларыбыз менен тез-тез жолугуп турбасак, сагынышып калабыз.

Менин апам “Сенден кечсем кечем, бирок кудаларымдан эч качан кечпейм. Үйгө таарынып келбегин”, – деп көп айтчу. Мен да апамдын айтканын колдонуп келем, кээ бирлер кыздарына болушуп, жаштардын жеке жашоосуна кийлигише берет. Мен ошол маселени туура эмес деп эсептейм, кудалар жакшы болсо гана жаштардын жашоосу туруктуу болот.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful