Templates by BIGtheme NET

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКӨ АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу   ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу борбору уюштурган бул иш чараошда окумуштуу окутуучулар жана студенттер катышты. Алгач аталган борбордун директору доцент Венера Эрматова кириш сөзү менен ачып, тегерек столдун көздөгөн максатын айтып өттү.  Андан ары ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов  Кыргыз Республикасынын тарыхында эгемендүүлүктүн ээлеген орду жана мааниси боюнча  илимий баяндама жасады. Ал эми “Мамлекеттик, теория жана тарыхы” кафедрасынын башчысыТөрөбай Насыров тарыхта революциялардын жетилүү себептерине токтолуп, кеңири илимий анализ жасап берди.

Мында катышкан студенттер да  өздөрү даярдаган илимий баяндамаларын окуп, түрдүү көз караштарын билдиришти.  Студент Нурумбет Иманказиев өзү даярдаган даректүү фильмин көрсөтүп, анда тарыхый окуяларды жандуу чагылдырып берүүгө жетишти. Айрыкча Керемет Асланова, Алина Абдулбек кызы,  Нуриза Маматова сыяктуу студенттердин жогорудагыдай тарыхый темага арналган баяндамалары да катышуучулардын арасында кызуу талкууларды жаратты. Анткени элдик революциялык аракеттерге жана андан кийинки көз караштар менен өзгөрүүлөргө карата да түрдүү ой-пикирлер айтылды. Эң негизгиси уюшкандыкта уланган тегерек  стол катышуучуларда терең таасир калтырды.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful