Templates by BIGtheme NET

Алия Шагиева атасына арнаган ролигин жарыялады (Видео)

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева атасына арнаган видеоролик  жарыялады. Ал бул видеону өздүк баракчасына жарыялаган.

Ал мындан сырткары атасын жакшы көрөрүн жазган.  Ал өз сөзүндө  “Ар качан мага көңүл буруп, пикиримди укканыңыз үчүн ыраазымын. Сизге болгон сүйүүмдү дайыма билдирип турбасам дагы мээримиңизди төгүп турасыз” -деген  пикирин жазган.

Бул тасманы атама арнайм. Акыркы сүрөттө кандай көрүнүп турганымды түшүндүм. Өзүмдүн кызыл көйнөгүм, кызыл ооз боёгум менен саргыл кызыл отургучта отурганым – муздак ташка тамып, аны илеби менен күйгүзүп жиберген кандын тамчысына окшош экен. Убакыт 3:53, бир канча саатка Instagram баракчамда түнкү баарлашууну жарыяладым эле, элден келген түркүн суроолорго эми гана жооп берип бүттүм. Азыр жазып жатып, эмне себептен кол жазмам башкача эмес, дал ушундай экендигин, эмнеге тамгалар туш тарапка учуп, сап деңгээлинен секирип… эмнеликтен ал атамдыкына мынчалык окшоштугун жана эмнеден улам мен аны өзүмдү, дүйнөнү жана андагы адамдарды жакшы көргөндөй жакшы көрөрүмдү болуп көрбөгөндөй түшүнүп турам. Ар бир улуу киши – жөн гана өсүп жаткан, маңдайына жазганын көрүп аткан жаралуу наристе. Менин үнүмдү угуп жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазымын. Угасыздар, тыңдайсыздар, аз да болсо кайтарымсыз тартуулап жаткан сүйүүмдү өзүңүздөргө сиңирип, көбөйтүп жатасыздар. Кайтарымсыз жана жеңил. Анткени, мен ага толуп турам. Мен берем, бирок ал кемибейт. Анткени Сүйүү чексиз, а кастыктын чеги бар. Ар күнү, аныгында түнкүсүн, сырын менден жашырбаган бейтааныш адамдардан баа жеткис каттар келет. Кубанычтуу да, кайгылуу да, акылга сыйбас да. Түркүн сырлар. Мага келген ар бир катты үн чыгара окуп, мындай видео тасма жараткым келет. Ушунчалык окуяларга бай. Бул менин сүйүктүү “Вавилон” тасмасына караганда көбүрөөк таасирлентет. Башыман өткөрүп жаткан мынчалык ыраазычылыкты сыйдырууга дене боюмдун кудурети жетпейт го. Физикалык турпатыбыздан тышкары, менталдык тулку болгону кандай жакшы. Жан дүйнөнүн чеги жок. Жан дүйнө баарын камтыйт. Жан дүйнө чексиз өсөт. Которгон: Нурболот Азаматов I realised what I looked like in my most recent photo. Wearing red lipstick in my red dress on an orange chair, I looked like a drop of blood that fell on the floor and burnt it with my warmth.It is 3:53 am at the moment, I have just finished answering to a night chat questions asked in the course of few hours on Instagram. I am writing now and understand like never before why my handwriting is the way it is, why all letters are spread all over the place and jumping on different levels, why my handwriting is similar to dad’s, and why I love him as much as I love myself.I love myself, the world and all people of the world. Each adult person is a traumatised child, who just grows up and goes through everything he is destined to go through.I thank you for listening to my voice and hear it, for absorbing and multiplying the love, which I give in small amounts but voluntarily. I give it for free with ease because I am full of it.I give, but it does not reduce because Love is endless and evil has its boundaries. Each day, to be precise each night, I receive invaluable letters from strangers, who trust me with their secrets – happy secrets, sad secrets, crazy secrets. Different secrets. I would like to read each message I receive, to read it out loud and create a video. There are so many stories. This amazes me more than my favourite film ‘Babylon’. My body is not enough to fit in all gratitude I feel. It is great that we have spiritual body in addition to the physical one. The soul does not have any boundaries. The soul is all-embracing. The soul grows to the infinity.Я поняла, как я выгляжу на последней фотографии. В своём красном платье с красной помадой на оранжевом стуле я похожа на каплю крови, которая упала на холодный камень и обожгла его своей теплотой.Сейчас 3:53, я только что закончила отвечать на самые разные вопросы людей в ночном чате, который я объявила на несколько часов в Instagram. Я пишу сейчас и как никогда хорошо понимаю, почему мой почерк именно такой, а не другой, почему буквы летят в разные стороны и скачут по уровнях, почему он так похож на папин и почему я просто люблю сейчас его также сильно, как люблю себя.Себя, мир и всех людей в нем. Каждый взрослый человек – раненый ребёнок, который просто растёт, просто проходит все то, что ему предназначено. Я благодарю вас за то, что вы слушаете мой голос и слышите, слышите, напитываетесь и преумножаете любовь, которую я дарю хоть и мало, но безвозмездно. Безвозмездно и легко, потому что я сама наполнена ею.Я отдаю, но её не становится меньше. Потому что Любовь бесконечна, а зло имеет потолок.Каждый день, а скорее ночь, я получаю бесценные письма незнакомцев, которые доверяют мне свои секреты. Радостные, печальные, сумасшедшие. Разные секреты. Каждое сообщение, которое я получила, хочется прочитать вслух и сделать такое же видео. Столько историй. Это впечатляет меня больше, чем любимый фильм "Вавилон". Моего тела не хватило бы вместить всю ту благодарность, которую я испытываю. Как хорошо, что кроме физического тела у нас есть ментальное. Душа не имеет границ. Душа всеобъемлюща. Душа растёт бесконечно.

Опубликовано Алией Шагиевой 13 августа 2017 г.

fakt.kg

Тема боюнча:  Талапкер Шайымбетов сынактан жакшы балл алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful