Templates by BIGtheme NET

Аз калды Ата! Баласын сагынган Нуркожо ата төшөктө жатып калды(Видео)

Ата-эне балдары үчүн кандай кыйынчылык болбосун көтөрүүгө даяр. Ата-эне балдарынын жакшылыгын жана аманчылыгын көрсө сүйүнүп, кыйналса кошо кыйналып, ыйласа кошо ыйлап жүргөн улуу жан.

Азыркы учурда Садыр Жапаров абакка кесилип,  бул кыйынчылыкты көтөрө албай, баласын бир көрүүгө зар болгон Нуркожо   ата төшөк тартып жатып калды. Баласы үчүн күйүт тарткан атабызга ден-соолук каалап, өмүрүн тилейли. Кыргыз элинин төкмө акыны Жеңишбек Жумакадырдын  Нуркожо атага арнаган ырын да жарыялайбыз.

Аз калды Ата!

Кудайдын сүйгөн кулусуң ата,
Кулдугуң бекем улуусуң ата.
Каралдың бир күн капастан чыгат,
Кара өзгөй жолу бир үзүм ата.
Кайрат- күч болот калкыңа бүгүн,
Кайраттуу болуп турушуң ата.

Куюлтуп көзгө жаш алба ата,
Кумтөрдөн бетер азайба ата.
Каргалар доору кантебиз эми,
Карабайт азыр сакалга ата.
Көр казган түшөт көрүнө өзү,
Көңүл бур элдик макалга ата.

Балыктай жашаш жыргал да ата,
Баатырлар батпайт жыргалга ата.
Ак күчүн элге арнаса уулуң,
Акырет жайда сый бар да ата.
Пайдасы артык, Кудайга жакын,
Пайгамбар жаткан зынданда ата.

Болоордо баары эл дешти ата,
Болгондон кийин эл жешти ата.
Акмагын тыяр эстүүсү чыкпай,
Акырдан бирге жем жешти ата.
Кыйынды баарын ок менен жайлап,
Кыргызды кайгы терметти ата.

Калбады сотко сый урмат ата,
Кайгырсаң кимге угулмак ата.
Чыгалбай жатат чындыкта туруп,
Чиркештин уулу чырылдап ата.
Туубуз Манас бир өлгөн экен,
Туулса кайра туулмак ата.

Жалгандар өчүп чын калар ата,
Жамандар өтүп сыр калар ата.
Жолдорун тосуп салбаса торго,
Жолборсту кимдер тырмалар ата.
Ыймандан курчуп сабырлар чыдап,
Ыйлаган көздөр жылмайар ата.

Бирөөгө мен да баламын ата,
Бүлөнүп күндө барамын ата.
Дем берер күлүп, неберең күтүп,
Ден соолугуңду карагын ата.
Саясат менен ишим да болбос,
Сакадай сизди айадым ата.

Тема боюнча:  Бишкектин мектептеринде жаңы жылга акча чогултууга тыюу салынды

Түрүүлөр карайт асманды ата,
Түн кетип таңды атканды ата.
Коомуна сонун жаңылык ачкан,
Колдосун Кудай жаштарды ата.
Азбаңыз өңдөн, кетпеңиз төрдөн,
Аз калды ата, аз калды ата.

Карысы жоктун кеми бар ата,
Карысы бардын деми бар ата,
Сызгычтай болбойт өмүрдүн жолу,
Сыноонун дагы чеги бар ата.
Башыңды көтөр Бакайдай болуп,
Балаңдын тоодой эли бар ата.

Жеңишбек Жумакадыр.

Опубликовано Жеңишбеком Жумакадыром 12 августа 2017 г.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful