Templates by BIGtheme NET

Дүйшөн Чотонов айылдаштарына кайрылды

Азыркы учурда бийликтин  ачуу каарына кабылган кыргыздын чыгаан инсандары Текебаев менен Чотоновдун сот иши аяктап бара жаткан учуру. Бул инсандардын камалышына  көзү төрт болгон бийлик өкүлдөрү мыйзамда жок көрүнүштөрдү жасап, жумуш убактысынын бүткөндүгүнө карабай, соттоп жиберүүгө ашыгып жатышат.  Мына ушул эки инсандын камалышынын артында, бир канча кошоматчылардын ачык жүзү ай тийгендей көрүнүп калды. Анткени Чотонов жана Текебаев буга чейин бир канча адамдарга жардам берип, депутаттык мандатка чейин жеткиришкени айрым адамдарга гана эмес, көпчүлүк адамдарга белгилүү. Ал эми мына ушу эки инсандын колунан  ушундай жардамдарды көрүп, анан минтип баштарына кыйын учур түшкөндө, “аа”- деп ооз ачууга жарбай же эрбеңдеп баскан эки бутун сүйрөп сот залына келип коюууга жарабай, “не болсоң ошо бол! Өмүке жана Дүкө”- деп жарты нан мойнуна асып коңулда бекинип  жатышат.

Мындан сырткары “бийлик башына барам, Кыргызстанды өнүктүрөм. Кыскасы баарына даярмын”- деген киши сотко келип, “акты ак дейм, көктү көк дейм”- деген атасынан үлгү алып, акты ак деп,  көктү көк деп, “Айланайын баланча Дүкө 13-май күнү мен менен болду эле”- деп койгонго жараса, бир үй-бүлөнүн эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин батасын ээ болуп эле тим болбой, өзүнүн да адамдык сапатын далилдемек да. Ал киши анте албай жатканы өкүндүрөт.

Дүйшөн Чотонов  коңулдан чыга албай жаткан,  бир учурдагы кошоматчылык  кылып, өз максаттарына жетишкенге аракет кылган эргулдарга абактан ысык салам жолдоду.  Ал  абактан жолдогон саламында “чындык баары бир жеңет, ошондо баары кеч болот”- деген өңдүү.  Ошол өз агасындай, өзү окуткан агайына, өз инисиндей, ишенип жакын жүргөн досторуна, өзүнүн бир айылда чогу чоңойгон айрым замандаштарына “Эгер, 13-майда мен менен чогу Ошто болгонун сотко келип айта албаган акеңерге, аке “сиз сотко барып болгонун болгондой айтып бериңиз” дегенге жарабагандар, анан өз айылыма барып Сооронбайга добуш бериңиз деп кантип айтышат болду экен. Дүйшөн Чотонов мындай саламын өз айылына элге ачык айттырып койгула деди.

Тема боюнча:  "УКМК тарабынан провакация даярдалып жатат"

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful