Templates by BIGtheme NET

Жээнбеков: “Кытай менен бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралууда”

Өкмөт жаш ишкерлерге жардам берет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу жаштардын форумунда билдирди.

Ал форумдун жүрүшүндө  «Бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнестин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон кирешеси ИДП 40% түзөт. Мамлекеттин орто мөөнөткө ишке ашыра турган тапшырмаларынын бири- жеке секторлорду колдоо аркылуу ИДП кошкон кирешени 50% жеткирүү болуп саналат. Аны менен бирге жаш ишкерлер үчүн бизнести өнүктүрүүдөгү бирден-бир тоскоолдуктар бул, жабдууларды алууга жетишээрлик финансылык каражаттын тартыштыгы. Баса белгилеп айтуу керек азыркы тапта жеңилдетилген насыялардын түрдүү механизмдери иштеп жатат. Алардын катарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бар. Жаш ишкерлер ал жактан 6%-10% чейин жылдык үстөк менен насыяларды алып иштетсе болот. Жакынкы арада кытай тарап менен бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралууда. Ал өз ишмердүүлүгүн орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багыттайт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бабанов бийликти басып алуу боюнча пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful