Templates by BIGtheme NET

Текебаевдин соту дүйшөмбү күнү уланат

Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Эмгек кодексине ылайык, жумушчу күнү 17:30да бүткөнүнө карабай соттук отурум 20:00гө чейин уланды.

Саат 18:30да Текебаев өзүн жаман сезгендигине байланыштуу бир саат тыныгуу жарыяланып, Текебаев УКМКга дарыларын алып келүү үчүн жиберилди. 19:30да соттолуучунун жактоочулары соттон эмгек кодексин бузбоону талап кылышты. Эрнис Айбек уулу соттук отурумду 23:00гө чейин өткөрөөрүн айтты. Бирок жактоочулардын суранычына, эмгек кодексине ылайык, соттук отурум дүйшөмбү күнү эртең менен улана турган болду.

Бүгүнкү соттук отурумга экс-президент Роза Отунбева баштаган бир топ саясатчылар келишти.

“Сот реформасы дейбиз, бирок анын ашмалтайы чыгыптыр. Көрүп жатабыз. Бул сот саясий буйрук. Коомдо бул жөнүндө дискуссия жок болууда. Саясий буйрукту аткарган сот, прокурорлорду люстрацияга кетириш керек. Биз 2010-жылы Жогорку Соттун беш судьясын люстрация кылганбыз. Бирок алардын бир тобу кайра келип алып иштеп жатат”, – деди Отунбаева журналисттерге.

Тема боюнча:  БШКнын төрайымынын айынан КТРКнын түз эфири үзгүлттүккө учурады

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful