Templates by BIGtheme NET

Эмилбек Каптагаев тарыхта болбогон кадам жасады

Садыр Жапаровдун сотунда жабырлануучу катары сыппаталып келген Эмилбек Каптагаев Биринчи май райондук сотуна аппелиациялык арыз менен кайрылды. Ал Садыр Жапаровдун 11,6 жылга камалуусуна нааразы экендигин айтты. Бул тууралуу Жапаровдун жактоочусу маалымат каражаттарынын бирине кабарлады.

“Садыр Жапаровдун 11 жыл 6 айга камалышына нааразы болгон Каптагаев соттун өкүмү негизсиз деген жүйө менен апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анын арызында “Садыр Жапаровдун күнөөсүн көрсөтө турган далилдер айтылган жок. Ошондуктан Жапаровду актоону суранам” деп жазылган. Жабырлануучу делген Каптагаевдин мындай кадамы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Анткени буга чейин тарыхта жабырлануучу тарап эч качан күнөөлөнүп жаткан тарапты актоо боюнча арыз жазган эмес”, – деп айткан Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду бир нече беренелер менен актап, Каптагаевди барымтага алууга күнөөлөп, 11,6 жылга эркинен ажыраткан.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бекназаров боюнча БШКнын билдирүүсү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful