Templates by BIGtheme NET

Мен Текебаевди жек көрөм!

Урматтуу Өмүрбек Чиркешович,  мен сизди жек көрөм! Эмнеге сиз Жогорку Кеңештин башка депутаттарындай жылуу жумшак отура бербейсиз? Эмнеге президент Алмазбек Атамбаев, Бакиевдин жерине үй салып алды деп айтып, кыйкырып чыгасыз? Эмнеге кыргыз элине күйөсүз , эмнеге элим жерим дейсиз? Эмнеге жалгыз өзүңүздүн керт башыңызды ойлоп эле жыргап, үй-бүлөңүз менен эле ар кайсы мамлекетке барып, эс алып, элдин эсебинен “мен эл өкүлүмүн, колуңардан эмне келет” деп эле жүрө бербейсиз? Сизге эмне жетишпей жатты эле? Коомчулукта аброю бар “Ата Мекен” партиясынын лидери болсоңуз эмнеге ажыдаардын куйругун басасыз? Ушул сизге керек беле? Эмне үчүн айланаңыздагы эле адамдарды ойлобой, мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке айласы жок көнүп калган элдин келечегин ойлойсуз? Эмнеге айылыңызга бир мектеп салып коюп,  мен кыйраттым деп жүрө бербей, бүтүндөй мамлекетти ойлойсуз? Эмнеге жөн эле кычыраган костюм шымды кийип, галстукту тагып алып “сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм”,-  деп жүрө бербейсиз. Эмнеге 38 адамдын өмүрүн алган, балдарды жетим, аялдарды жесир кылган бүтүндөй кыргыз элинин зээнин кейитип, жүрөгүн ыйлаткан, бийлик бир да ооз ачпаган авиа кырсыкты атайын чет өлкөгө барып чукуп чыгасыз? Бир жылдары жаныңызда жанаша кыйкырып жүргөн “досуңуз”  “биз күнөөлүлөрдү табабыз” -деп ооз ачпаган кандуу жүктү Жогорку Кеңештин жыйынында эмнеге кайра-кайра айтасыз? Эмнеге “Белизгейтти” оюнан токуп чыкканда, камап салат, өзүмдүн жанымды ойлоюн деп унчукпай койгон жоксуз? Эмнеге ошондо эле токтоп калган жоксуз? Эмнеге “абийириңерди төкпөйм, “бомба” жарбайм деп эле акырын бийлик менен соодалашып албайсыз? Эмнеге ошондо да күрөштүңүз, улам-улам чындыкты кыйкырып, эл билсин деп. Эмнеге министрлик жөнүндө, өкмөттүн курамы жөнүндө мектеп окуучусунун деңгээлиндей  дагы түшүнүгү жок адам жооптуу, көп адамдын тагдырын чечкен министрликке  министр болуп келсе, аны да эмнеге айта каласыз, “сен кантип иштейсиң, мындай жооптуу кызматта”- деп. Эмнеге өкмөт башчыга “силер каяктагы жыйыныңарды токтотуп, элди ойлоп,  буюрса болот дей бербей иштегиле”- деп эмнеге айтасыз? Ушунун баары үчүн мен сизди жек көрөм! Тизмектей берсем толтура… Ушунун баары мен сизди жек көрөм!

Тема боюнча:  Турсунбай Бакир уулу айткан депутат сөрөйлөр кимдер?

Мен сизди жек көрөм! Сиз бийликке  “неудобный” саясатчысыз!

Эми эмне болду? Же үй-бүлөңүздү көрө албай, же президенттикке катыша албай отурасыз темир тордун артында. Ушул кимге керек эле?

Сиз Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери саясатта жүрөсүз. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колуңуздан келгендин баарын жасап жатасыз, сиздин бул кадамыңыз мамлекетибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калаарына бөркүмө ишенгендей эле ишенем.

Эгерде, сиз Жогорку Кеңеште  отурбасаңыз көптөгөн көз боёмочулуктардан эл кабарсыз калып кетет эле. Сиз саясатта жүргөнүңүз үчүн өлкөбүз демократиялык кадамга Орто Азияда биринчилерден болуп өттү. Кумтөр маселеси, чет өлкөлөр менен болгон тыгыз байланышта болууга сиздин салымыңыз зор экенин эч ким тана албайт. Сиз Кумтөрдү улутташтыруу керектигин биринчилерден болуп айтып чыкканыңыз көптөгөн депутаттардын уйкусун бузганы маалым.

Сиз башка депутаттардай болуп эмне үчүн тынч отура албасыңызды эл жакшы билет. Анткени сиз өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабайсыз, айрым депутаттарга окшоп өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды гана ойлоодон, өз бизнесиңизди калкалоодон алыссыз. Эгерде, башкаларга окшоп “балык” депутат болсоңуз, эч ким сизге тийишпей, депутаттык төш белгини тагынып коюп жүрө бермексиз. Бирок сиз анте албайсыз, ал сиздин мүнөзүңүзгө жат көрүнүш. Сиздин чындыкты бетке айткан сапатыңыз бар  үчүн эл жакшы көрөт. Чет өлкөдөн кызмат сапарынан кайтканыңызда жалаа менен УКМК кызматкерлери кармап кеткенде сизди колдогон миңдеген адамдар суукка карабай 10 күн катары менен тынчтык митингине чыгышкан. Кээ бирлери “Атамекенчилер” аларды акчага алып чыкты деп айтышканына такыр кошула албайм. Анткени, канча акча берсең да, кычыраган суукта эч ким чыкпасын мен жакшы билем. Сизди чын жүрөгү менен жакшы көргөндөр чыкты деп мен ишенимдүү айта алам.

Эгерде сиз эркиндикте болгонуңузда дагы ондогон мыйзам бузууларын таап чыгаарыңыз анык эле. Бийлик  мына ошондон коркуп сизди каматты деп ойлойм.

Тема боюнча:  Жогорку Кеңештин депутаты «Алтын мангуст» ордени менен сыйланды

Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт. Бүгүнкү бийлик жалаа менен сизди камап коюшу толук ыктымал. Бирок, бир күн келип сиз акталып, азыркы сизди күчкө салып камагандар   темир тордун артына отурушаарына ишенем.

Өмүрбек Чиркешович, кайраттуу болуңуз, эч качан сынбаңыз, кыргыз эли ар дайым сиз менен!

Сизди каралап, жек көргөндөр дагы мурдуна суу жеткенде түшүнүшөөр…

fakt.kg

One comment

  1. Текебаев бошотулсун киши олтургондор деле эркиндикте журушот .

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful