Templates by BIGtheme NET

Азимбек Бекназаров КСДПга кошулуу боюнча пикирин билдирди

 Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров КСДПга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр   деген маалымат  тараган. Мындай маалыматтын чын төгүнүн билүү үчүн биз Азимбек Бекназаровго байланышып, суроо узаттык.

-Биз КСДП менен өмүр бою эле бирге  болуп келе жатабыз. Эки революцияда  тең чогу болдук. КСДП менен биригип жатат деген туура эмес.  Азыркы учурда  КСДП мени чакырган жок. Мен деле аларга кадамымды жасаган жокмун. Азыркы көп  саясий партияларга караганда “Ата Мекен” жана КСДП мага жакын экендиги чындык. Болуп өткөн тарыхый окуяларда чогу жүргөнбүз. 2005-жылы да, 2010-жылы да чогу жүрдүк. Көп тарыхый окуяларда чогу болдук. Анын алар 2010-жылдан кийин мени ыргытып жибербедиби. Көчөдө калып калдым. Анын  башка КСДПчыларды алды, башка атамекенчилерди алды. Алар башка адам болуп калышкан. Ошон үчүн кыйын го мени менен алар аралашканга.

-Эгерде КСДП сизди чакырса барат белеңиз?

-Азыркы учурдагы КСДП мен тааныбаган КСДПчылар. Мен тааныган КСДПчылар  калган жок.

-Жетекчисин тааныйсыз да? (ред. Алмазбек Атамбаев)

-Анын мени көрөйүн деген көзү жок да . Көрүп эле жүрбөйсүздөрбү. Мен өзүм ага канча суранып кат жазып жатам. “Эй муну кыл, тигини кыл, муну кылба, тигини кылба, минт, тигинт”- деп  тынбай эле айтып келе жатпаймынбы. Азыр ал биздин сөзгө көңүл бурбайт. Анткени анын айланасында башка адамдар. Ал бийликте олтурат. Күчүнө ишенет. Эч кимди укпайт. Уккусу келбейт. Ошондуктан биздин аларга айтылган сөздөрүбүз, жолдоштук сөздөрүбүздү алар укпайт. Алар азыр Кокон ханындай болуп калган. Эмне кылам десе өзү билет. Жок кылам десе жок кылат. Ошондуктан “Бекназаров КСДПга кошулуп жатат”- дегениңер деги бир чындыкка жакындабаган нерсе.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful