Templates by BIGtheme NET

20 жаштагы сойкунун арманы

 Акыркы учурда өз денесин сатып,  акча тапкан жаш кыздарыбыздын саны арбып, келечегин бүдөмүк жолго кептеген учур улам сайын арбып барат. Мына ушундай тагдырга туш болгон (аты өзгөртүлдү)  Фатима  20 жашка жаңы гана чыкканы менен тагдырдын  туура эмес жолуна багыт алган. ” Жашоомду эрте талкалап алдым”- деген каарманыбыз менен маектешип, ушундай жолго кантип түшүп калгандыгы тууралуу сурадык.

-Дене сатып акча табууга кандай аралашып калдың?

-Жаманга кошулсаң жаман болот экенсиң. (Бизден ары жакта олтурган курбусун көрсөтүп) Бир кыз менен таанышып калдым. Ал кыз ичет экен. Мен да кошулуп ичип жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде биз ГЭС5ке балдар менен эс алганы бардык. Ал жерде ичип олтуруп мен мас болуп калыптырмын. Курбу кызым мени таштап кетип калыптыр. Эрте менен ойгонсом  жанымда эч ким жок.  Дене боюм ооруган. Бүт жерим кан. Ошол күнү мен кыздык намысымдан айрылдым. Канча эркек менен болгонумду билбейм. Эки күн дааратканага бара албай жүрдүм.

– Денеңди сатып акча таап жүргөнүңө канча болду?

-Эки ай болуп калды. Эки айдан бери ата-энем, бир туугандарымдан ажыраткан жаман жол менен акча таап, өзүмдү багып келе жатам.

-Мындай жолго түшө элегиңде эмне жумуш кылчу элең?

– Мектепти бүтүп келгенден кийин байпак чыгара турган цехте иштечүмүн. Ал жерден жакшы эле акча таап иштеп жүрчүмүн. Анын бир кыз менен таанышып дос болуп калдым. Ал жаман жолдо жүрөт экен. Ал менен кошо жүрүп ичтим, чектим акыры ушул болду.

-Ата-энең билеби сенин жаман жолдо жүргөнүңдү?

-Ооба билишет. Менин жаман жолдо жүргөнүмдү угуп калышыптыр. Мени кармап Ошко үйгө алып кетишти. Ал жака алып барганда эч жака чыгарышпады. Молдолорго алып барышты. Мага “жин” кириптир.  Анан үйдүн экинчи кабатына мени камап коюшту. Мен кыйналып кеттим. Анан үйдөн качып чыгууга  туура келди. Азыркы учурда ата-энем мени издеп жатышат. Үйдүн эң кичүүсүмүн. Алардан бекинип жүрөм.

Тема боюнча:  ИИМ министри айыл чарба министринин кылыгына пикирин билдирди

– Азыр кайсыл жерде жашап жатасың?

-Эч жерде жашабайм. Ар кайсы жерде мейманканаларда күнүмдүк кылып акча төлөп жашайм.

-Кардарларды кантип табасың. Өздөрү келишеби же бир жерге барып турасыңбы?

-Жок  эч жерге барып турбайм. Ушинтип көчөдө жүрө беребиз. Жолуккан эркек менен болуп акча алабыз.

Көчөдөгү эркектен кызмат акыңды кантип сурайсың?

-Алдын ала айтам. Беришет баары эле.

-Сен өзүн каалайсыңбы эркек менен болгонду же айласызданбы?

-Жок каалабайм. Чынын айтсам  мындай иштен жиркенем. Бул жол мага айласыздан келген акча табуу жолу. Азыр акчага муктажмын. Эгер өзүмө бир аз акча топтоп алсам токтотом. Азыр мага акча керек болуп жатпайбы эже. Туугандарым баары эле жакшы турушат. Бирок менин аларга керегим жок. Анткени мен туура эмес жолдо жүрөм.

Р.S. Мындай окуяларды угуп олтуруп тообо келтиргенден башка айла таппайт экенсиң.  Жаңыдан гана 20га чыккан жаш секелек кыз көчө кезип, денесин сатып акча таап жүргөнү бул эң өкүнүчтүү көрүнүш эмеспи. Эмне дейбиз баардык кыздарыбызга ыйман тилейли. Анткени алар келечектеги  кыргыздын келечеги болгон балдардын  мээримдүү энеси.

fakt.kg

2 Прикирлер

  1. Аллах куноону кечирсин тооба кыл кеч боло электе. Бул сенин жашоон озун учун озун жооп бересин акыретте.

  2. fakt.kg -созсуз турдо жерин баса белгилеп кетиш керекпи?Максат кандай -кайраштыруубу,же тарбия беруубу,же бир регионду бир регионго тукуруубу?Жон журналисттик этиканы сактап жазсанар ?Эмне дегинер келип турат?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful