Templates by BIGtheme NET

“Күмөндөр теңирчиби”? Абылов интернетке тараган видео тууралуу айтып берди (Видео)

Буга чейин  Кыргыз Республикасынын эл артисти Күмөндөр Абылов фейсбук баракчасына өз пикирин жарыялап,  ал пикирлеринде “кыргыздын каада-салттарын унутта калтырбайлы, кыргыз бололу”- деген таризде  ой пикирлерин жарыялап келген. Ал эми жакын аралыкта интернетке Кыргыз Республикасынын эл артисти Күмөндөр Абыловдун теңирчи делген адамдардын курчоосунда жүргөн видеосу  тарап, эл ичинде кызуу талкуу жаратты.  Биз Күмөндөр Абыловго байланышып, видео тууралуу маек курдук.

-Интернетке тараган видео тууралуу айтсаңыз?

-Мен теңирчи эмесмин. Мен кыргызмын. Эми адамдар кызыктай да. Аркы тоого бир урунуп, берки тоого бир урунган адамдар көп экен да азыр. Бул видео тууралуу айтта турган болсом. Балким мени чакыргандар теңирчи экендиктерин айтса, балким бармак эмесмин. Бирок мен алардыкы такыр туура эмес деп деле айтуудан алысмын. Кимдики туура экендигин убакыт көрсөтөт. Мени кыргыз улутунун баалуулуктарын жактап жүргөн адам  “батага келип кетпейспи”- деп чакыргандыгынан баргам. Теңирчилер жана өздөрүн теңирчи деп атап алгандар да бар экен. Алар “биз асмандан арбактарга жолугуп жатабыз”- деген сөздөрүн айтышты. Мен ал жактан деле күлкүм келди. Ал видеону тарткан адам менин да сүйлөгөнүмдү кошуп тартып койсо болмок экен. Ким чыгарганын билбейм. Бирок алардын деңгээли ошол экен. Мен ошол жерде айткам. Силердин түз байланыш кылып жатканыңарды эл укса, кыргыз эли болууга умтулуп жатканыбыздан да кур калабыз деп айтканмын. Кайда болсо да ашынган нерсе жаман да. Мен кудай жок деп жаткан жокмун. Атеистмин деп жаткан жокмун. Мен мусулман дини жаман деген жокмун. Мен теңирчилерди да жаман деген жокмун. Мурун кандай жашап жаттык эле. Жөн эле жашап жатпадык беле. Кыргыз бололу деп айтып келе жатам. Анан эле бир кишинин айтканы менен кыргыздын кээ бир салттарын бузуп жок кылуу туура эмес. Анан ичиң күйөт да. Кыргыз болгондон кийин кыргызча эле жашашыбыз керек да. Буга чейин кыргыз келесоолугунан тилин жана салттарын сактап жүрүптүрбү?. Кыргыз такыр эле талаада калган, кудайга жакпаган эл эмес болгон да. Кыргыз деле өзүнүн салтын унутпай ала жүрөлү деген оюмду айтсам ушу балээге калдым. Мен теңирчи болгудай мен мазарга түнөп жүрүптүрмүнбү?.

-Буга чейин сиз интернет баракчаңызга пикирлериңизди жарыялап келе жатасыз. Эмне түрткү болду мынчалык кыргыз деп күйүшүңүзгө?

– Менин негизги максатым кыргыз болуу. Андан кийин ким болоорун ар бир адам өзү билсин. Менин күйгөнүм кыргыздын каада- салттары унутулуп бара жаткандыгы. Биздин бир канча майрамдарыбызды жок кылып, мындан сырткары тушоо кесүү тойлорду күнөө иш катары карагандар көбөйүүдө. Ошондой эле Нооруз майрамы сыяктуу кыргыздын улуттук майрамдарын жок санашууда. “Жаңы-жыл майрамы деген болбойт. Жеңиш майрамы деген болбойт”- деп жатышат. Бул туура эмес да. Мен дагы бир ирет интернеттеги видео тууралуу  айтайын. Мен батага баргам. Бирок кыргыздын салттарын жактап жаткан эки киши билчүмүн. Ошон үчүн баргам. Мен барганыма өкүнбөйм. Анткени алар атеист болгон жок. Кыргыздын салтын четке каккан жок. Андай жерге эмне үчүн олтурууга болбойт. Орустардын деле үйүнө барып, майрамына катышып, олтурбайсыңбы? Жүрбөйсүңбү? Түшүнгөндөр түшүнүп эле жөн эле олтурушат. Ал эми түшүнбөгөндөр ар кандай пикирлерин айтышууда.

fakt.kg

One comment

  1. Кумондор туура айтасын. Биринчиден кыргызсын! Кыргыз учун куйгон эр азамат. Иттер уроберет, жолун ачык болсун.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful