Templates by BIGtheme NET

Кайын журттан ажал тапкан күйөө бала (Видео)

Ушул жылдын 17-мартында Кадамжай районунун Эшме айылында кишинин жансыз денеси табылган. Тийиштүү иликтөөлөрдүн натыйжасында, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жарандын өздүгү такталды. Ал 28 жаштагы Ноокен районунун тургуну Эсеналиев Сейитбек болуп чыкты.87

Учурда аны өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Баткен облустук милиция кызматкерлери тарабынан колго алынды. Шектүүлөр Кадамжай районунун тургундары, маркумдун аялы Гулчаман Шерматованын жакын туугандары болуп чыккан. 2015-жылдын 18-ноябрында кайын журтуна атайын чакыруунун негизинде барган күйө бала, ошол эле күнү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жана таштанды төгүлүүчү жайга катылган.

Киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Сейитбектин жакындары , анын өлүмүнө жубайынын түздөн-түз тиешеси бар экендигин айтышууда. Бирок Гулчаман Шерматова тергөөдөн качып, чет мамлекетке чыгып кеткендиги кабарланууда.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кар көчкүдөн курман болгондордун тизмеси

One comment

  1. Россияда иштеп журуп ортодо тапкан акчалары болсо керек чон аял экен жаш балага акча бергиси келбей олтуруп салса керек. Жараткан жазасын берсин

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful