Templates by BIGtheme NET

“Кыргызстанда президенттин ким болорун Кремль чечет”

Президенттик шайлоо жакындап, ар бир адам өз талапкерлигин көрсөтүп келишүүдө. Азыркы убакта мен президент болом деген талапкерлердин саны  26ге жетти. Алардын арасында саясатчылардан тартып, куудул, бизнесмен, укук коргоочулар бар. Мындан улам биз мурдагы депутат Равшан Жээнбековго президенттик шайлоонун баркы кетип жатабы деген суроо менен кайрылдык.

-Жок бул кадимки  эле көрүнүш. Эгерде мамлекетке кандайдыр бир  чектөө  болбосо, шайлоого баруу жана шайлаганга ар бир адамдын өзүнүн укугу. Канча адам президенттикке талапкерлигин коёру ал эч нерсени  чечпейт. Кимдин президент болоорун аны акырында эл өзү чечиши керек.

– Казакстан талапкерлерге чектөө койду биз да ушундай кадамга барсак кандай болот?

Эми биз Казакстандын кылганын кайталабашыбыз керек. Алар авторитардык күчтүү мамлекет. Ал жерде алар каалаганын кыла берет. Биз андай нерсеге барбашыбыз керек. Ал туура эмес.

– Азыркы учурда куудулдар, укук коргоочулар жана бизнесмендер президенттикке талапкерликтерин көрсөтүп жатышат. Белгилүү саясатчы катары сизди баары таанышат. Эмне үчүн президенттикке өз талапкерлигиңизди көрсөткөн жоксуз?

Кыргызстанда президенттин ким болорун эч ким чечпейт. Кыргызстанда президенттин  ким болорун Кремль чечет. Экинчи бийлик чечет. Кыргызстанда таза шайлоо жок. Кыргызстанда Россиянын  ММКнын үстөмдүгү бар. Президенттикке бардым деп бара берсе болот. Бирок мен үчүн бул маселе аябагандай оор маселе. Ошондуктан барбайм деп чечтим.

– Азыр  президенттикке талапкерлигин койгон адамдардын максаты кандай болушу мүмкүн. Кыргызстанды өнүктүрүүбү же өздөрүн таанытуубу?

–  Бул эки багытта болушу мүмкүн. Кээ бир адамда президент болууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине ишенип президенттикке барат. Ал эми  кээ бирлер өтпөшүн билет. Ошентсе да президенттик жарышка катышып көрөйүн, тажрыйба топтоюн, эл көрсүн деп бара жатышы мүмкүн. Эми ар кандай болуп калат. Ар биринин себептери барда.

Тема боюнча:  ИИМ министри айыл чарба министринин кылыгына пикирин билдирди

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful