Templates by BIGtheme NET

“Шайлоо жакындаганда баары өз талапкерлигин алып салат”

Азыркы убакта мен президент болом деген талапкерлердин саны  25ге жетти. Алардын арасында саясатчылардан тартып, куудул, бизнесмен, пенсионер, бекерчи, укук коргоочулар бар. Мындан улам биз “ЭРК” партиясынын лидери жана президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулуна кайрылып, президенттик шайлоонун баркы кетип жатабы деген суроо менен кайрылдык.

Президенттик шайлоонун баркы кетип бара жаткан жок. Мен саясатта жүргөн адам катары эсимде бар. 1995-жылы расмий бийлик талапкерлердин санын атайын чектеген. Ошондо бизди шайлоодон алып таштаган. Аскар Акаев өзүнө ылайык кылып  эки ак сакалды калтырып койгон. Булар Апсамат Масалиев менен Медеткан Шеримкулов болгон. Кийинки шайлоолордо да талапкерлердин санын чектөөгө аракет кылып жатышты. Ал эми 2011-жылдан тартып көп адамдар өздөрүн талапкер катары көрсөтө баштады. Бирок шайлоо учурунда 10-15 эле талапкер калат.

Мен президент болом деп талапкерлигин көрсөткөндөрдүн максаты чын эле Кыргызстанды өнүктүрүүбү же?

Эми ар кандай болуп калууда. Анткени жеке амбициясынын негизинде бара  жаткандар же мактануу үчүн өз талапкерлигин коёт.  Кээ бирлери талапкерлигин коюп кызмат соодалашат. Мындай учурлар көп болуп жатат.  Ал эли өз программасы бар, Кыргызстанды өнүктүрөм дегендер ашып кетсе 9-10 эле калат. Шайлоо жакындаганда баары өз талапкерлигин алып салат.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful