Templates by BIGtheme NET

Алмаз Тажыбай: Окуучуларга билим берүү системасын өзгөртүү зарыл

Эгемендик алгандан бери өлкөдөгү билим берүүнүн акыбалы начарлап, мектеп окуучуларынын жалпы билим денгээли кескин түшүп кеткени айтылууда. Адистер мектеп мугалимдеринин айлык маянасын жогорулатуу менен абалды жакшыртуу болот деп айтып келишет жана министрлик тарабынан мугалимдердин маянасы жылдан-жылга жогорулоодо. Бирок, Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбайдын айтымында, системаны толугу менен өзгөртпөсө абал жакшырбайт:

“Советтер союзу таркагандан кийин, билим берүүнүн сапаты начарлады. Биринчиден, жыйырмадан ашык жылдан бери коом өзгөрүлгөнү менен, китеп, окуу усулдардын маани-маңызы ошол эле бойдон. Стандарттар азыркы заманбап турмушка дал келгидей бекилген жок. Андан тышкары жалпы эле китептер мектептерде жетишпейт. Дагы бир орчундуу себеп – биз мугалимдерди жоготуп койдук. Канчалаган мыкты адистер мектептерди таштап кетишти. Ооба, акыркы жылдары министрлик маянаны аздан көтөрүп жатат, анын жыйынтыгында мугалимдер кайрадан кайтууда, бирок, бул маселени толугу менен чечпейт”.

А.Тажыбайдын айтымында, мугалимдердин маянасы миң долларды жетсе дагы, билим берүү системасын өзгөртмөйүн, алдыга жылыш болбойт:

“Эң башкысы билим берүү системасын өзгөртүү зарыл. Талаптар жаңыланышы керек. Андан соң, жаңы талаптарга ылайык болгон мугалимдерди даярдоо зарыл. Ошол мугалимдер окуучуларга жаңыча методика менен билим бере баштаганда гана абал жакшырат. Мисалы Финляндиянын билим берүү методикасы такыр бөлөк. Ошондуктан, алар эл аралык рейтингде билим сапаты боюнча алдынкы орунда турат. Биз болсо, жаңы моделди таба алай жатабыз. Андыктан, биз коомчулук менен бирге жаңы, заманбап, биздин калкка ылайыктуу моделди таап, кабыл алышыбыз зарыл».

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Кыздарга жагайын деп ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты

One comment

  1. Ой, тиши жок байкоочулар

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful