Templates by BIGtheme NET

Карылар үйүндөгү жашоо кандай…

Азыркы учурда ата-энесин кароосуз калтырган балдардын саны күн санап өсүүдө. Ал эми кароосуз калган карыларды өз кучагына алган, бул карылар үйү. Биздин редакциябызга Ленин райондук карылар үйүндө иштеген кызматкерлердин айлык акысы аз жана жумушу оор  деген маалымат келип түшүп, биз аны сайтыбызга  жайгаштырган элек. Мына ушул маселенин негизинде  Ленин райондук карылар  үйүнүн директору Алышева Айчүрөк  Алымкуловага  жолугуп, маек курдук.

-Сиздердин  карылар үйүңүздөрдө канча адам жашайт?

– Бул Ленин райондук карылар үйүнүн ачылганына 22 жыл болду. Башында 52 адамга чейин жашашчу. Бирок былтыр текшерүү келип,  48 адамга ылайык экенин тактап кетишкен. Азыркы учурда 48 кары адамдарыбыз бар. Аларды караган жалпысынан болуп 27 адам иштейбиз.

-Айлык маянабыз аз, кылган ишибиз оор дешкен маалыматтар канчалык деңгээлде чын?

-Ооба бул айткандарында чындык бар. Кылган иштери оор эле. Эми чыккан айлык ошончо экен да. Келген айлыктарынан кыскартып алып калып жаткан жокпуз. Ар бир кызматкер кылган кызматына жараша айлык алышат. Медиктерибиз карылардын ден-соолугуна жооп беришет. Ал эми карыларды жуунтуп, алардын тырмак башын караган кызматкерлерибиз алар өзүнүн кызматтарына жооп беришет. Чыккан айлыктарын чыккандай эле беребиз. Эми көп айлык чыгарып коюу менин колумда болсо анда башкача кеп болмок.

-Кандай кызматтарды аткарышат?

-Бизде тамак аш даярдап берүүчүлөрүбүз, ден-соолугун көзөмөлдөөчү медайымдарыбыз  күн сайын карыларыбыздын ден-соолугун көзөмөлдөп турушат. Ал эми  чарба иштери боюнча кызмат кылган кызматкерлерибиз тазалыктарды карашат. Мындан сырткары карыларыбыздын тазалыгын карап, чачтарын тарап кийимдерин жууп жана бөлмөлөрдүн тазалыгын карган кызматтарды кылышат. Ошондой эле  кызматтарына жараша айлык маяналарын алышат.

-Жумушчуларды кандай талаптар менен аласыздар?

-Биринчиден ден-соолугу чын, иште өз жоопкерчилигин билген адамдарды алабыз. Анан жумушка киришүү алдында да биз кандай иштерди жасоо керек экендигин жана  карыларга кандай мамиле кылыш керек деген талаптар менен түшүндүрөбүз. Эгерде карылар менен айтышып, жакшы иштей албаса жумуштан кетүүлөрүнө туура келет. Ал эми айтыштын деп эле кетирип жибербейбиз. Карап көрүп, карларга кандай мамиле кылуу керектигин дагы бир ирет түшүндүрөбүз.

Тема боюнча:  Каныбек Иманалиев:"Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары!"

Бизге келген маалыматтар боюнча байлар акча төлөп ата-энелерин атайын каратышат дейт. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Бул менин жеке  менчик үйүм болбогондуктан, андай нерселер болуу мүмкүн эмес. Бизге карыларды алып келээрде тиешелүү документтерди толтуруп, анан алып келишет. Түз эле бул жерге алып келүү мүмкүн эмес. Ошондуктан акча төлөп ата-энелерин каратышат деген сөздөр чындыкка дал келбейт.

Ленин райондук карылар үйүнүн бухгалтери, Калмурзаев Канат:

-Бул жерде иштеген кызматкерлердин айлык маянасы канча ?

-Бизге 2015-жылы өкмөт токтом кабыл алган. Ага ылайык ар бир жылдын сентябрь айында айлык акысы жогорулайт. Эки жыл мурун бул  жерде иштегендердин  айлык маянасы аябай эле төмөн болчу. Эки жылдан бери жыл сайын көтөрүлүп олтуруп азыркы учурда орто эсеп менен алганда кызматкерлер 5500 сом алышат.

– Так эсеп менен айтсаңыз?

– Пол жууган  айымдарыбыз 3000 сом. Чарба жетекчиликте иштеген кызматкерлерибиз 3800сом, аш позчуларыбыз 3800-4200сом,тазалык кызматында иштегендердин айлык акысы 3000 сомду түзгөн. Бул айлык акылар өкмөттүн токтомун ылайык, жогорулап олтуруп,  орто эсеп менен 5500 сомго чейин жеткен.

Чарба иштеринин жетекчиси,Осмонова Шарипа:

 

-Карылар үйү ачылгандан  тарта ушул жерде иштейт экенсиз? Карылар жана кызматкерлер менен иштешүү канчалык деңгээлде кыйындыкты жаратат?

-Ар бир жумуштан өзүнө таандык болгон ырахаты жана кыйынчылыгы бар. Баардык нерсени көтөрүп, өз кызматыңды жакшы кылуу керек. Бул жерде эл таппаган сооп иштерди тапсаң болот. Бул жерде иштеген кызматкерлер “айлык акыбыз аз”- деп нааразы болоор. Бирок  бул жерде иштеген кызматкерлер акчага да жана карылардын батасына да ээ боло алат. Ошондуктан мен айтаар элем, бул жерде иштөөнүн канчалык кыйындыгы болсо, ошончолук сообу да бар деп.

Карылар үйүнүн жашоочусу:

-Бул жерде сизди кандай карашып жатат?

Тема боюнча:  Кыздарга жагайын деп ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты

– Абдан жакшы буйруса. Келгениме бир айдын жүзү болду. Курсагым  ток, кийимим бүтүн. Дайым ысык тамак беришет. Жаткан жерибиз таза. Кудайга шүгүр.

Карылар үйүнүн кызматкерлери менен жана жашоочулары менен маектешкен соң, ар бир бөлмөгө кирип, таанышып чыктык. Таза, тыкан экенин көрүп кызматкерлер жакшы иштерине дагы бир ирет ынандык. Карыларыбызга ден-соолук жана кызматкерлерине күч кубат каалайлы.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful