Templates by BIGtheme NET

Таштанды таштоочу жайлар дезинфекцияланууда

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси жана Жалал-Абад шаарынын алдын ала дезинфекциялоо ишканасы менен биргеликте күндүн температурасы жогорулашынан улам таштанды таштоочу жайлардан жагымсыз жыттын чыгуусун алдын алууга, ошондой эле чымын-чиркейлердин көбөйүүсүн болтурбоо максатында дезинфекциялоо ишин башташты. Бул тууралуу Жалал-Абад тазалык муниципалдык мекемесинин жетекчиси Төлөн Бакиров билдирди.

  Анын айтымында, ушул жылдын июнь айынан тартып, шаарыбыздын бардык аймагындагы таштанды ташталуучу жайларда чымын-чиркейлерди болтурбоого аракет кылып, дезинфекциялоо ишин баштадык. Мындан сырткары шаарыбыздын аймагынан 13 киллометр алыс аралыкта жайгашкан таштанды чогулуучу жайды да дезинфекциялайбыз.

– Себеби, мындай иштер аткарылбаса, шаарыбыздын жашоочуларына ар кандай оорулар жугуп, ар түрдүү жугуштуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Бул иш 2017-жылдын июнь айынан башталып, 4 ай мөөнөттө аткарылат. Жумушту аткаруу үчүн Жалал-Абад шаардык Монополияга каршы күрөшүү жана бааларды жөнгө салуу инспекциясы тарабынан бекитилип берилген атайын тарифтин негизинде эсептелип чыгарылып, келишим менен бекитилип, биздин мекеменин спецсчетунан каржыланат. Ар бир айга Жалал-Абад шаарынын алдын ала дезинфекциялоо бөлүмү тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматы үчүн 65 миң 500 сомдон төлөнүп берилет. Ошондо орточо эсеп менен төрт айга төлөнүүчү каражат 262 миң сомду түзөт,-дейт ал.

     Эскерте кетсек, ушул жылдан тарта бул иш-чара токтоосуз ар жыл сайын улантылат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Чоң Чүй каналына агып кеткен жарандар изделүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful