Templates by BIGtheme NET

Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Россияга  беш күндүк мамлекеттик сапарга учуп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн учуп кетти.

24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Бул расмий сапар Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык жүзөгө ашырылууда. Анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин жана өлкө өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген.

Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Орусиянын илимий коомчулугунун өкүлдөрү жана бул өлкөдөгү кыргызстандыктар менен да кезигет. А.Атамбаев Орусиядагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышып, 20-июнда Кремлдин чоң залында Кыргызстандын таланттарынын концертин көрөт. Сапардын жүрүшүндө миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкка таандык бир катар документтерге кол коюлат. Кабыл алына турган документтердин арасында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы бар.

Пост-советтик өнөктөштөр болгон Кыргызстан менен​ Орусиянын дипломатиялык алакасына быйыл 20-мартта 25 жыл толду.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жанар Акаевге кайрадан чабуул башталдыбы?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful