Templates by BIGtheme NET

Елисеевди видеобайланыш аркылуу соттук отурумга катыштыруу керек

Бүгүн, 19-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму өттү.

Анда  Аида Салянова “мага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деп айып коюп жатышат. Ага ылайык мен өзүмө пайда келтирген жагдай болуш керек экен. Же Елисеевге пайда келтирген болушум керек экен. Кылмыш ишин козгогондор Елисеевге пайда келтирген деген жүйөөнү карманып, Елисеев лицензиядан пайдаланып интернет сайт ачты деп жатышат. Бирок бир кенедей документтери жок. Мүмкүн таптакыр башка бирөө ачкандыр. Эгер ачса кандай суммада пайда тапканы боюнча айыптоочуларда маалымат жок”, – деди Салянова. Ал эми  жактоочу Чынара Жакыпбекова иш боюнча Алексей Елисеевди видеобайланыш аркылуу болсо да соттук отурумга катыштыруу керектигин айтты. Бул сунушту сот четке какты. Мындан сырткары Аида Салянованын жактоочулары соттук отурумга башка күбөлөрдү да чакырууну суранды. Ал эми прокурорлор башка күбөлөрдү чакырууда негиз жок экенин айтып,  Судья жактоочунун өтүнүчүн канаттандырган жок.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Алмазбек Атамбаев кимди көмүп салам деди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful