Templates by BIGtheme NET

“Бай адамдар ата-энесин карылар үйүнө таштап кетишет”

Акыркы учурларда ата-энелерин карагандан баш тарткан акылсыз балдар ата-энелерин карылар үйүнө алып келип таштап кетип жаткандары ачуу чындык.

Колдо бар алтындын баркы жок деген кыргыздын накыл кебинде айтылгандай, ата-энесинин тирүү кезинде карабай, көзү өтүп кеткенден кийин баркын билип, башын мыкчып олтуруп калгандар арбын. Мына ушул карылар үйүндө, балдары карабаган ата-энелерди караган жумушчулардын айлык акысы жана ал жердеги көрүнүштөр  тууралуу атын атагысы келбеген эже  айтып берди. “Мен бул карылар үйүндө кызматчы болуп иштеп кеткенмин. Жумушчуларды кулдай  иштетишет. Анан айлык акысы аз. Баардык жумушту биз кылабыз. Ал эми жогорку тараптагылар бизден көп акча алышат. Бул жерге түрмөдө олтуруп келгендер жана акчасы көптөр ата-энелерин алып келип ташташкандар. Жогорку жактагылар акчаны алышат да анан адамдарды бизге окшогондорго каратышат. Аларга бир нерсе жаксачы. Акчасына таянгандары биз канчалык аракет кылып караганыбыз менен мен тигиге айтам, буга айтам дешет. Жоопкерчиликтин баары бизге окшогон кызматкерлерде. Алардын арасында ичип алгандары болот. Акыл эсинен ажырагандары бар. Алар жоголуп кетсе, биз жооп беребиз. Ушундай оор жоопкерчиликти алган кызматкерлер аз айлык алышат. Ал эми акчанын арты менен ар кандай адамдарды алып келип койгон жогорку жактагылар көп акча алышып, эч кандай көйгөй менен баштарын оорутпайт”- деди атын атагысы келбеген эже.

fakt.kg

Тема боюнча:  ИИМ министри айыл чарба министринин кылыгына пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful