Templates by BIGtheme NET

Кыргыз саясатчыларынын каймана аттары (Тизме)

Кыргызда чындыкты далилдеген макал-лакаптар көп. Алардын бири биздин учурдагы абалыбызга дал келген ата-бабаларыбыздын “Кедей мамлекеттин эли саясатчы, бай мамлекеттин эли саякатчы”- деген улуу сөздөрүнүн бири. Мына ушул макалда айтылгандай, сунсак колубуз айга жетпей, башка бай мамлекеттерге көз артып, саясаты катыра сүйлөп олтурган чагыбыз. Өлкөбүздөгү элдин оозуна алынган  саясатчыларыбыздын катарын толуктаган инсандардын каймана аттарын тизмектеп өтөлү.

 

 

Азимбек Беканзаров “Иштерман”,”Бульдозер”

2005-жылкы элдик төңкөрүштө жана 2010-жылкы элдик революцияда элдин алдында болгон адамдардын алдынкы сабында  жүргөн. “Бульдозер” Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин саясатына каршы тургандардын арасында ардайым активдүү иш алып баргандыктан ага “Бульдозер” деген каймана ат беришкен. Азимбек Бекназарго “Иштерман” деген каймана атты “Бульдозер” каймана атка чейин эле өз айылдаштары беришкен болчу.

Жанар Акаев “Балашка”

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаевге  “балашка” деп өлкө башчыбыз өзү каймана ат коюп  берген. Жанар Акаев “Бизге өнүккөнгө тоскоол болгонго эмне залакасы бар”,- деп айткан сөзүнө Алмазбек Атамбаев “Ал “балашка” билбейт го, анткени анын каражатын шайлоодо биз көтөрүп бергенбиз”, деп айткан жери бар. Ал эми Жанар Акаев болгон чындыкты кайсы партияга болбосун чындык сынын айтып келе жатат.

Өмүрбек Текебаев “Теке”

Өмүрбек Текебаевге куудулдар “Теке” деген каймана атты ыйгарышкан. Бул менен куудулдар өлкөдөгү саясатты тамаша түрүндө элге жеткиргенге аракет кылышкан. Куудулдардын айткандарына маани берсек “Текеси” жок эле, жанагы “кой” дегендерин башкалар ар тарапка айдап, айланбаш кылып бүтүрүштү.

 

Мелис Турганбаев “Мелис байке”

Мелис Турганбаев ИИМдин башкарып турганда “Мелис байке” деген каймана аттуу болду. Бир аял  МАИ кызматкерлерине баш ийбей унаасын токтотпой качып кеткен. МАИ кызматкерлери кубалап барып кармаганда, ал “Мелис байкелеп” телефон чалып МАИ кызматкерлерин коркуткан. Анан Мелис байкеси ал кызды тааныбайм деп айткан жери бар. Ошондон кийин МАИ кызматкери же милиция кызматкерлери текшергенде “Мелис байкеңе” айтасынбы деп калышат.

Тема боюнча:  Атамбаев Назарбаевди катуу сындады

Албек Ибраимов “Т9”

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри “Т9” деген каймана атты өзү ыйгарып алды. Мэрлик кызматка талапкер болуп жатканда Кыргыз тилинен экзамен тапшырып ката жазып алып “Т9”ге шылтап, болбосо ката жазбайт болчумун деп актангандан кийин “Т9” деген каймана атка татыктуу болгон.

 

Матраимов Раимбек “Раим миллион”

Матраимов Раимбек ушул кезге чейин Бажы кызматында иштеп келет. Матраимов  Раимбек Кыргызстан байларынын арасында аты аталып жүрөт. “Раим миллион” деген каймана атты саясатчылар берген деп жүрүшөт. Саясатчылардын айтып жүргөнүнө караган ал кайсыл бийлик болбосун миллион берип, өзү каалаганын кылат деп айтышат. Мына ошондон улам “Раим миллион” каймана атка конгон

 

 

Жылдыз Мусабекова “Мен Атбашинская”

Депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованын абийирине шек келтирип, телефондон “10 эркекке салып берип зордуктатам” деп коркутканы жарыяланган. Эгер сен билбесең  “Мен Атбашинская”,  – деп өзүнө каймана ат кылып алды. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудио жазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио жазуу монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Өмүрбек Суваналиев “Комиссар Катани”

Өмүрбек Суваналиев өз ыктыяры менен террористтер менен сүйлөшүүгө барган Кыргызстандагы жападан жалгыз милиция кызматкери. Ал террористтин колунан жасалма бомбаны жулуп алып, 10 адамдын өмүрүн сактап калган. Өмүрбек Суваналиев өзүнүн кол алдындагы кызматкерди сойку менен иш бөлмөсүндө көрүп калып, сабап салган. Кызматтык абалын кыянаттык менен колдонду деп айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ысык-Көл облусундагы көрүнүктүү аткаминердин баласын баңгизат саткандыгы үчүн административдик басымга карабай камакка киргизген. Өмүрбек Суванилиев менен бирге иштегендер аны колдоп “Мафианы колдогондор кетсин”деп пикетке чыгышкан. Ошондон улам Өмүрбек Суваналиев «Комиссар Катани» деген атка конгон.

Алтынбек Сулайманов(Челюсть)

“Бир бол” фракциясынын лидери Жогорку Кеңештин депутаты  Алтынбек        Сулайманов эл көйгөйүн көтөрүү менен эле чектелбей, спорт жагынан да өзүн жакшы көрсөтүп келет. Спорт дүйнөсүндө Сулайманов “Челюсть” деген каймана атка конгон.

Тема боюнча:  Казакстан ЕАЭБ укуктарынын нормаларын сактабай жатат

 

Икрамжан Илмиянов “Шоопур”

Икрамжан Илмияновду кимдер билбейт. Мына ушу кишини элдер “шоопур” деген каймана аты менен да таанышат. Илмияновго “шоопур” деген ат бекеринен берилип калбаганы анык. Анткени Илмиянов Алмазбек Атамбаевге шоопур болуп кызматка келип, президенттин кеңешчиси кызматына чейин жеткен.

Андан сырткары коомчулукта Илмиянов саясатты көзөмөлдөйт экен деген да айың кептер жүрөт.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful