Templates by BIGtheme NET

Россияда жол кырсыгынан каза болгон 6 жашар баланы мас болгон деп аныкташты

Россиянын Железнодорожный шаарында Hyundai Solaris лгсндүлгүсүндөгү унаа менен 31 жаштагы аял 6 жаштагы баланы үйүнүн алдынан сүзүп кеткен.  6 жаштагы бала жаракаттардан улам кырсык болгон жерден каза болгон.

Сүзүп кеткен аял бала өзү мас болгондуктан, унаанын астына өзүн өзү таштаган деп айткан. Эксперттер баланын канынан 2,7 промилл алкоголь (бир бөтөлкө арак) бар экендигин аныкташкан.

6 жаштагы бала чоң атасы менен сейилдеп жүргөндө унаа сүзүп, 10 метр аралыкка сүйрөп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, Айдоочу аял телефон менен сүйлөшүп катуу ылдамдыкта  келе жаткан.

“Менин баламдын канынан 2,7 промилл алкоголь бар экен деп жатышат. 6 жаштагы бала кантип бир бөтөлкө арак ичип алып, көчөдө басып жүрсүн. Бул акылга сыйбаган нерсе”

,-деп билдирген баланын атасы.

Кырсык болгон жерде камералардын видеосу жоголуп кеткен. Айдоочу аял кылмышка шектүү деген статуста жүрөт.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Тажикстанда электр энергиясы 30%га кымбаттайт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful