Templates by BIGtheme NET

Майрамбек Осмонов Бакир уулуна жооп кайтарды

Биз буга чейин пародист Майрамбек Осмоновдун  Турсунбай Бакир уулунун үнүн  туурап элди күлкүгө салган видеосуна Бакир уулу  өз  пикирин  билдиргенин жарыялаган элек. Турсунбай Бакир уулунун сөзүнө жооп кылып Осмонов да өз пикирин билдириптир. Өзгөртүүсүз беребиз.

Ассаламу ьалейкум урматтуу Турсунбай ажы! Орозоңуз кабыл болсун. Мени туурай бер иним деп Россия кино театрына волгаңыз менен таштап койгон кезиңиз эсиңизден чыкпаса керек. (анда жаш кезим эле жоо жүргөн) Бир жерде конок болуп чогуу чыктык эле. Токтогулдан эле үйлөн десе болбой, Кара- суулукка үйлөнүп ал карындашыңыздан бакыт таптым. 3 балам бар кудайга шүгүр. Эр тагасын тартат деп элибиз бекер айтпайт. Балдарым тагаларын тартса Ибрагим Жунусовго окшогон, кыздарым таэжелерин тартса Жылдыз Жолдошевага окшогон анда мен Кара сууга күйөө бала болгонума өкүнбөйм. Сиз омбудсмен институтунда эмгектенип баштаганда менин эки эле көйнөгүм бар эле, кайдагы үй. Сизге каяша айтуудан алысмын, сиз жеткен даражалуу орунга менин жетишим күмөн. Сиздей таза жүргөн адамдар аз, экөө  болсо бири сизсиз. Балким көңүлүңүздү ооруттум, кыжаалат кылдымбы ал сизге анык. Орозонун акыркы он күнүндө жараткандын ыраазылыгын издейбиз. Улуу адамсыз илим, ой жүгүртүү, адамкерчилик сизде жетиштүү. Андыктан улуу кундун урматына, жана Аллахтын ыраазылыгы учун кечирим сурайм. Эли журтубузга жараткан КУДАЙЫМ тынчылык берсин. Сизге болгон урмат сыйым ошол бойдон калат урматтуу Турсунбай ажы!

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкекте унаа күйүп кетти (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful