Templates by BIGtheme NET

Кыргыз спортчулары бир жылда канча медаль алгандыктары аныкталды

Бүгүн, 16-июнь күнү  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортчуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр сыйлыктарды тапшырып жатып, “өзүңөргө белгилүү болгондой, акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортту өнүктүрүү, ошондой эле спортчуларыбызга дем берүү боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Республиканын бардык аймактарында ар түрдүү спорттук аянтчалар жана объекттер салынып, ишке берилип, спортчулардын стипендияларынын көлөмү өсүүдө”, – деди Сооронбай Жээнбеков. Маалыматка ылайык, өткөн жылы ата мекендик спортчулар 528 медалга ээ болушту. Анын ичинен 127 алтын, 158 күмүш жана 243 коло медалдар. Ал белгилегендей, бул жетишкендиктер талыкпаган эмгектин жана машыгуунун жыйынтыгы. Сооронбай Жээнбеков спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн өзгөчөлөнгөн спортчуларга өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

fakt.kg

Тема боюнча:  Атамбаев Назарбаев жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө ката кеткендигин мойнуна алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful