Templates by BIGtheme NET

Дүйшөнкул Чотонов менен Кубатбек Боронов кандай адамдар…

Азыркы учурда жардам бергенин жарыя кылган аткаминерлердин саны  көп. Бирок  жарыя кылбай  кудайдын ыраазычылыгы үчүн колунан келген жардамдарын берген аткаминерлер да бар.  Ошолордун бири Дүйшөн Чотонов менен Кубатбек Боронов.   Дүйшөн Чотонов  Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турган  маалда, омурткасына ок тийип баспай калаган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну  Жусупбек Акбаралы уулуна жакшы жардам көрсөтүп, келечегине үмүт пайда кылган.

 

-Сиздин баспай калууңузга эмне себеп болду?

-Мен 2009-жылы аскердик  кызматка чакырылгам. Өзгөчо кырдаалдар министрлигине. Кызмат өтөп жүргөндө  2010-жылы болгон  июнь окуясында  омурткама 3 ок тийген.  Ал жерде да жөн койбой, өлбөй калыптыр деп мени сабашкан. Анын натыйжасында эки бутум иштебей калган. 5 жыл баспай жүрдүм. Анан чет өлкөдөн дарыгер издөөгө киришип, издеп жүргөнбүз. Ошол учурда  Дүйшөн Чотонов Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турган учур болчу. Жаракат алып баспай калганда  Германиядан коляскага чейин алып берип жардам берип жүрчү.

 – Дүйшөн Чотонов менен кантип таанышып калгансыз?

-Мен аскердик кызмат өтөп жүргөндө Чотонов  өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.   Ошондо мени тааныйт эле. Анан кийин дарыгер издеп интернетке чыкканымда  мени көргөн экен. Анан  Дүйшөн Чотонов  азыркы өзгөчө кырдаалдар министри  Кубатбек Боронов менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Ал учурда  Кореядан 6 кишиден турган делегация келген. Ошол учурда министрдин иш бөлмөсүндө,  Кубатбек Боронов жана анын орун басары, Чотонов болуп сүйлөшүшкөн. Ошондо Чотонов колуңардан келген жардамыңарды бергиле, анан мен Кореяга барып өзүм операция кылдырып колумдан келген жардамды берем деген. Ошентип Документтерди даярдап бир жарым айдан соң Кореяга кеттик. Ал жактан  Дүйшөн Чотонов өзү тосуп алды. Ооруканага алып барып, дарыгерлер менен сүйлөштүрүп дайындап, ал жерде да жыйын өткөрүшүп колуңардан келген жардамыңарды кылгыла деп сүйлөшүү жүргүзгөн. Мен ал жакта 2 айдан ашык убакыт жүрдүм. Ал учурда Чотонов жумасын келип карап турчу. Сүйлөшүп мага жакшы үмүт берди. Дүйшөнкул Чотоновду мен күнөөсүз деп эсептейм.  Аны чыгарса жакшы болот эле.

-Кореяда өткөн операциянын жыйынтыгы кандай болду?

 -Чотонов баштаган адамдардын жардамы менен операция болдум. Операциянын жыйынтыгы жакшы болду.  Кореядагы дарыгерлер айтышты, “убагында алып келипсиздер, убакыт өтсө жыйынтыгы жакшы болбой калат эле”- деп. Учурда жакшы буйруса басып туруп жүрөм.

-Азыр Кубатбек Боронов менен мамилеңиз кандай?

Кубатбек Боронов мага чалып ал акыбалымды сурап турат. Баткенден Бишкекке дарыланууга барганда  мени тосуп алышат. Мамилебиз жакшы, мен ыраазымын.

fakt.kg

Тема боюнча:  ИИМ министри айыл чарба министринин кылыгына пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful