Templates by BIGtheme NET

Түркмөнстанда коопсуздук чаралары террордук чабуул ыктымалдыгынан улам күчөтүлгөн

Түркмөнстанда акыркы айлардагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү өлкө аймагында террордук чабуулдар болушу мүмкүн деген чалгындоо маалыматтарына байланыштуу. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү өз булагы кабарлаган.

Анын билдиргенине караганда, Ашхабадга ыктымал чабуулдар тууралуу маалыматтарды майдын ортосунда Түркия өкмөтү жөнөткөн.

«Болжол менен 10 күн мурда Түркия Түркмөнстанга «Ислам мамлекетинин» төрт согушкерин өткөрүп берген. Андан бир канча күн өткөндөн кийин түркмөн бийлигине өлкө аймагында террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскерткен», – деп билдирген ал 19-майда.

Түркмөн атайын кызматтары кырдаалды өтө олуттуу деп баалап, тиешелүү коопсуздук чараларын көрүшкөн.

«Мисалы, андан кийин жаштарга, өзгөчө Жакынкы Чыгыш аймактарына барууну пландап жүргөндөргө карата көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган. Майдын аягынан тарта Стамбулга жана Дубайга барчу адамдарды өлкөдөн чыгарбай башташты. Андан тышкары жаштардын 4-5тен көп болуп топтолуусуна да көзөмөл күчөтүлгөн», – деген булак.

fakt.kg

Тема боюнча:  Маалымат жыйында Эрдоган уктап калып, аны Порошенко ойготуп (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful