Templates by BIGtheme NET

Юлий Цезарь төрөлгөн ыкма Кыргызстанда бизнеске айландыбы…

Биздин редакциябызга бир айым кайрылып, акыркы учурларда дарыгерлер акча табуу үчүн эле кесүү жолу менен төрөйсүң дегенди адатка айландырышканын айтып,” мени да боюң кичине экен өзүң төрөй албайсың дешип, мага кесүү  жолу менен төрөтүүнү сунушташып, төрөт  5миң сом экендигин айтышкан. Бирок мен макул болбой эки жолкусунда тең өзүм төрөдүм.  Чын эле дарыгерлер аялга күйгөндүгү үчүн кесүү жолу менен төрөөнү сунушташабы же бул бизнеспи деген суроо  менен кайрылган.

 Азыркы учурда аялдардын төрөт маселеси көйгөйлөрдү жаратып келе жатканы маалым. Ден- соолуктары талапка жооп бербегендиктен  кесүү жолу менен төрөтүүнүн саны күн санап өсүүдө. Негизи эле кесүү жолу эмне үчүн көбөйүүдө  жана кесүү жолунун оң жана терс жактары жөнүндө №2 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Чынара Иманкожоева менен маек курдук.

-Тажрыйбалуу акушер гинеколог катары кесарова жөнүндө жалпы түшүнүк берип өтсөңүз?

-Төрөт эки жол менен аяктайт. Биринчи,  аял киши өзү толгоосу менен төрөйт. Ал эми экинчиси болсо, кесүү жолу менен наристени жарык дүйнөгө алып келүү болуп саналат. Кесүү жолу менен төрөтүү бул  курсакты кесип, андан кийин жатынды кесип баланы же баланын тонун тез аранын ичинде  алып чыгуу. Кесүү жол менен төрөтүү 1500-жылдарга таандык. Кесүү жолу менен төрөтүүнү   Юлий Цезарь менен байланыштырышат.  Юлий Цезарь  өзү Римдик падыша өзү кесүү жол менен төрөлгөн бала болгон. Энеси өлүм алдында турган кезде курсагын жарып баласын алууга туура келген. Анан ал өзү падыша болгондон кийин, өлүм алдында жаткан энелердин балдарын аман эсен алып калганга мыйзам чыгарган деген теория бар. Мына ушул метод 1500-жылдардан бери колдонулуп келет. Ал эми Россияда 1750-жылдары башталган экен. Ошондон бери кесүү жолу менен төрөтүү биздин практикада жүргүзүлүп келет.

Тема боюнча:  Алмаз Тажыбай: Окуучуларга билим берүү системасын өзгөртүү зарыл

Мурдагы жылдарга  караганда азыркы учурда кесүү жолу менен төрөтүү көп. Эмне үчүн?

-Кесүү жолу менен төрөгөндөрдүн саны жылдан жылга көбөйөт. Себеби  , бир жолу кесүү жолу менен төрөсө, ал эки үч жылдан кийин дагы төрөйт. Андан соң дагы төрөгүсү келет. Ошентип кесүү жолу менен төрөгөндөрдүн жатынынын ордунда берч калат. Ал аял дагы кесүү жолу менен төрөйт. Ошондуктан кесүү жол менен төрөгөндөрдүн саны көбөйө берет десек болот.

Кесүү жолу менен төрөгөн аял өзү төрөп алганга мүмкүнчүлүк барбы?

-Бизге да ушул суроону көп беришет. Бир жолу кесүү жолу менен төрөгөн аял кийинки төрөттөрүн өздөрү төрөп алуусу мүмкүн. Практикада  да эки ирет кесүү жолу менен төрөгөн аялдардын өздөрү төрөп алган учурлары болот.

 -Кесүү жолу менен төрөгөн аялдар акушерлер өздөрү кыйналбас үчүн кесүү жолу менен төрөтөбүз дей беришет-деген пирлерин айтышып келишет. Буга кандай карайсыз?

-Кесүү жолу менен төрөтүү бул мода эмес. Бул биздин каалоо эмес. Бул кесүү жолу менен төрөтүү өтө зарыл учурда гана боло турган нерсе. Биздин негизги максат эне-баланы аман эсен сактап калуу. Айрым энелердин өздөрү төрөгөнгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Анткени ден – соолуктары жооп бербей калышы мүмкүн. Анан көптөгөн себептери бар. Бир мисал келтирип кете турган болсок, төрөй турган эненин бөйрөктөрү же болбосо жүрөгү талапка жооп бербейт. Ошон үчүн биз айласыз кесүү жолу менен төрөтүүнү сунуштайбыз. Бул нерсени түшүнгөн да түшүнбөгөн да  инсандар бар.

– Кесүү жолу акысыз болушу керек. Бирок азыркы учурда акча каражаты менен чечилип калгандыгын айтышат?

-Жок. Эч качан бул жерде акча маселеси жок. Биз аялдарды акча табуу үчүн кесүү жолу менен төрөтпөйбүз.  Биз эненин ден-соолугу талапка жооп бербесе, айла жок  кесүү жолун киргизгенге туура келет. Ал эми акча бердим же болбосо акча камдап жатам дегендер балким ыраазычылык  билдирүү үчүн кылып жаткандыктары мүмкүн.

Тема боюнча:  ИИМдин ардагери : “Аялым балам менен жыныстык катнашка баргандыгын кечире албай койдум ”

-Кесүү жолу менен төрөтүү канча убакытка созулат?

-Кесүү жолу менен төрөтүү 20-40 минутага чейин созулат. Ал эми жатынды жаргандан кийин баланы 3-10минутага чейин алып чыгуу зарыл. Андан көп убакыт өткөрүп жиберүү болбойт.

 -Кесүү жолу менен төрөтүүнүн оң жана терс жактары?

– Кесүү жолу менен төрөтүүнүн оң жагы төрөт учурунда аялдар жаракат алып калышы мүмкүн. Травма да болушу мүмкүн. Кесүү жолунда мындай нерселер болбойт. Ал эми терс жактары наркоз алат. Наркоздон чыгыш керек. Өзү төрөгөн аял төрөгөн учурунда эле баласын көрө алат.  Ал эми кесүү жолук менен төрөгөн аял эки үч саат кийин көрөт. Мына ушундай оң жана терс жактары бар.

– Кесүү жолу менен канча жолу төрөө мүмкүнчүлүгү бар?

– Негизи 3 жолу төрөөгө болот. Бирок практикада кездешип келет 4 жолу төрөп алган учурлар.  Алар биздин көзөмөлүбүздөн өтүп анан бир жыйынтыкка келишет. Баарын карап, текшерип  көрүп анан биз болобу же болбойбу анан айтабыз.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful