Templates by BIGtheme NET

Парламентке өтүп эле … “үйсүз” болуп калышты

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.

Кызматтык батирлерди бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кежогорку кенешңештин басма сөз кызматы жарыялады. Аларга ылайык, 16 депутаттын Бишкекте үйү жок болуп чыккан.

Баарынан мурда буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын дегени көп суроолорду жаратат. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. Аны кайтарып берүүгө ниети жок.

Үйү жоктордун арасында дагы бир социал-демократ Тилектеш Исаев да жүрөт. Анын ишендиришинче, Бишкекте ага таандык үй жок, эми гана куруп жаткан экен. Анткен менен буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген адамдын үйү жок экенине ишенгендер аз.

Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдында бардык партиялар депутаттык артыкчылыктардан, кызматтык унаалардан жана батирлерден баш тартабыз деп убада беришкен.

fakt.kg

Тема боюнча:  “Таза коом” программасына канча каражат кетээри айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful