Templates by BIGtheme NET

МАИ кызматкери нөшөрлөп жааган жамгырга карабай иштөөгө туура келди дейт

Бүгүн, 8-июнда интернет тармагына нөшөрлөгөн жаанга карабай, өз кызматын мыкты аткарган жол кайгуул кызматкеринин видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Бул видеонун каарманы Азим Асанов менен маек курдук.

-Сиздин жамгырдын жааганына карабай милдетиңизди аткарганга эмне түрткү болду?

-Биздин жумуш учурубузда Карл Маркс менен  Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде  жарык өчүп, жол тыгыны пайда болуптур .Ошол жака бардык. Барсак машиналар тыгыны пайда боло баштаптыр. Барып жол тыгынын жөнгө сала баштадык. Ошентип өз кызматыбызды аткардык. Башында жаан жааган деле эмес, анан эле аябай жаан жаап баштады.

– Үстүңүзгө эмне үчүн жамгыр өткөрбөй турган кийим кийип алган жоксуз?

-Өзүбүздүн автоунаабыз алыс болчу. Ошондуктан барып алып келгенге убакыт болгон жок. Жол тыгыны пайда болуп жаткан учурда унаама кетип калсам, анда автоунаалар кагылышып кетүү коркунучу жаралмак. Ошон үчүн жаанга карабай иштөөгө туура келди.

-Бир күндүн ичинде кызматыңызды мыкты аткарып эл көзүнө илине алдыңыз. Кандай сезимдер пайда болду?

-Эң башкысы өз кызматыбызды аткардык деп ойлойм. Жакшы буйруса, туугандар чалышып жакшы тилектерин айтышып, өз пикирлерин билдирип жатышат. Андан сырткары  жетекчилик тараптан да жакшы пикирлер айтылып, кызматыңды жакшы аткардың деп  атышат. Эми биз өз кызматыбызды аткардык да.

fakt.kg

Тема боюнча:  "Күмөндөр теңирчиби"? Абылов интернетке тараган видео тууралуу айтып берди (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful