Templates by BIGtheme NET

Алмазбек Атамбаевдин геология тармагынын кызматкерлерин куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу геология тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын геологунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Акыркы жылдары кен пайдалануу чөйрөсүн реформалоо, өзгөчө кен казуу тармагына тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү иштери тынымсыз жүрүп жатат.президент

Кен пайдалануу, мүмкүн болушунча кен байлыктардын көпчүлүгүн иштетүү боюнча чаралар көрүлүп, мунун негизинде өлкөнүн экономикасына инвестициялар жана ресурстар кеңири тартылуу менен мындан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

Ошону менен катар эле көп иштер аткарыла элек. Алсак, акыркы 25 жылдын ичинде жаңы геологиялык ачылыштар жасалган жок. Региондордогу айрым маселелер кен тармагындагы  инвесторлордун иши жеңил болгондой чечилбей жатат.

Бул тармактын кызматкерлери талыкпай жана үзүрлүү иштеп зор эмгек жасоодо. Сиздер кара, түстүү металлургия, асыл металлдарды өндүрүү, ар кандай курулуш материалдарын даярдоо, көмүр, нефть жана газ өндүрүү, шаарларды жана айылдарды таза жана техникалык суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндө эмгек өтөп жатасыздар.

Сиздердин күч-аракетиңиздер менен өлкөбүздүн минералдык-сырьелук базасы чыңдалууда, өнөр-жай жана энергетикалык потенциал бекемделүүдө, улуттук экономикабыз өнүгүүдө! Республиканын геология тармагынын кызматкерлеринин жана ардагерлеринин жасаган ишинин акыбети ушунда. Элибиз да геологдордун эмгегин абдан жогору баалайт, эл арасында геолог кесиби ардактуу.

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                             Алмазбек Атамбаев».

fakt.kg

Тема боюнча:  “Кооперация аркылуу гана республиканын айыл-чарбасын бутуна тургузууга болот”

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful