Templates by BIGtheme NET

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

2017-жылдын 20-майында Ысык-Көл областынын Түп районунун Түп айылында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган жана мамлекетибизде “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.

Бул мелдештин уюштуруучусу Түп райондук соту. Спорттук иш-чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлөт.

Жалпысынан мелдеште областтык соттун, райондук жана шаардык соттордун, Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын жана Ысык-Көл областынын адвокаттар коллегиясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.

Бул иш-чаранын башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо саналат.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук сотунунун командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Ысык-Көл областтык сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов финалга чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful