Templates by BIGtheme NET

АКШ Бута менен Ярошенкону Савченкого алмаштырбайт

Вашингтон Орусияда соттолгон Украинанын аскер учкучу Надежда Савченкону АКШда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан орусиялыктар Виктор Бута менен Константин Ярошенкого алмашт311D4D03-2D25-4A0B-81EA-FCA7E2915712_w1000_r1_sыруу маселесин карабайт. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Москвадагы элчилигинин өкүлү Уилл Стивенс билдирди.

Ага чейин Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эки орус жаранын украин учкучуна алмаштыруу боюнча сунушту укпагандыгын айткан. Бирок бул тууралуу Орусия жетекчилиги менен АКШ мамкатчысы Жон Керринин жакындагы сүйлөшүүлөрүндө кеп болгонун ырастады. “Орусия өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоону ырааттуу түрдө улантат. Керри менен сүйлөшүүлөрдө ушул максатта аталган эки жарандын ысымы аталган”, – деген эле Песков.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта украин учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунун аймагында эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыраткан. Жана чек араны мыйзамсыз өткөн деген кине менен 30 миң рубль айыпка жыккан. Савченко бул айыптарды мойнуна албасын жана орус сотун тааныбасын айткан.

Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери Савченкону “саясий туткун” деп белгилешкен.

fakt.kg

Тема боюнча:  Францияда мектепте окуучулар атышып, эки адам жаракат алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful