Templates by BIGtheme NET

Япониядагы кыргыздар: “Япондор бизге окшоп тойго 200-300 адам чакырат”

  Япония өлкөсүндө 2 женем2жылдан бери эмгектенип жүргөн Дастан Кунгуров  мекендешибиз менен маек курдук.

Японияга алгач ирет качан баргансыз, эмне жумушта иштейсиз?

-Японияга алгачкы ирет Токиого 3 жумалык окуу тренингге 2012- жылы келип кеткенмин. Андан кийин 2015-жылы июнь айында Япониянын Окинава “Рилейшиншип” компаниясы менен контракт түзүп иштеп калдым. Аталган компанияда чет элдик кадрлардын координатору болуп иштейм. Келинчегимди болсо үй бүлөлүк виза менен декабрь айында чакырып алдым. Ошондон бери келинчегим мейманканада иштеп жатат.

Эмне үчүн Японияны тандадыңыздар?

-Мен Японияны тандаганымдын себеби биринчиден, келинчегим экөөбүздүн тең кесибибиз японовед. Экинчиден билим деңгээлибизди жогорулатып, иш тажрыйба топтоп, баардык үйрөнгөнүбүздү келечекте өз мекенибизде пайдалануу.

женем3жене7

Япония элинин мигранттарга жасаган мамилеси?

-Мигранттарга болгон мамилеси жөнүндө айтсам, аябай сылык болушат, адамдарга жакшы мамиле кылышат. Мигранттар көбүнчөсү Непал, Филиппин, Кытай улутундагылар. Негизи эле япондордо бөлүп жаруу деген жок. Кайсыл жерге барбагын дүкөндөбү, ооруканадабы күлүп жайнап сылык тосуп алат. Баарынанда полицияга барсаң сылык сыпайы мырза, айым деп аяр мамиле жасап сүйлөгөнү таң калтырат. Негизи эле япондор сүйлөгөн сөзүнө маани беришет, керек болсо түз айтылган суроого да түз жооп бербейт. Жок болбойт, же барбайм деген жоопту дээрлик укпайсың. Бир жагынан жакшы көңүлүңө катуу тийбейт. Бир жагынан мындай мамилеге көнбөгөн чет элдиктерге  түшүнүү кичине кыйыныраак болот.

жене0женемженем1

Японияда иш убактысы канча саатты түзөт. Эмгек акы кандай төлөнөт?

-Иш убактысы сегиз саат болот. Бизден өзгөчөлөнүп айлык саатына төлөнөт. Айлык акыны бизге катардагы  япондор менен окшош төлөшөт. Саатына 800 йенден. Биздин сомго которгондо  500 сомго барабар болуп калат. Эгер  кошумча саат иштесең , иштеген саатыңа да кошо төлөп берет. Мисалы, мейманканада 60- 70 жаштагы кемпирлер деле иштешет. Албетте толук 8 саат эмес,” part time” деп коюшат күнүнө 4-6 сааттай иштейт.

 

Биздин салтыбыздан Япон элинин салттарынын айырмачылыгы эмнеде экен?

-Каада салты боюнча айта  турган болсок , ар бир өлкөнүн  өз  каада салттары бар. Кыргыздарга окшош жактары өзгөчө биз жашап жаткан Окинавалыктардын  салттары кыргыздардыкына окшоштук жактары бар. Мисал келтирсем, тойго булар дагы 200-300 чейин адам чакырат экен. Бирок Окинавалыктардын салты көбүнчө Кытай, Америка мамлекеттеринен алынып өздөрүнө ылайыкташтырып  салт кылып алган.

 

женем4женем5

Япон элинин жашоо шартты кандай?

-Япон элинин жашоо шарты аябай жакшы, көчөдө селсаяктар жокко эсе. Эң негизгиси мамлекет эли үчүн кам көрөт. Эли болсо мамлекетке ишенет. Мисалы салыктын түрү көп, ошого карабастан салыкты өз убактысынан кечиктирбей төлөшөт. Мамлекет өз элинин жашоо шартын жакшыртыш үчүн салыктан чогулган акчаны  иштет. Өзүн башына ишенген адам жакшы компанияларда иштей алат. Эң таң калыштуусу байбы, кедейби баардыгына бирдей мамиле кылып жумушка алышат. Уурулук деген дагы жокко эсе. Мага эң эле жаккан жагы, буларда почта кызматы жакшы өнүккөн. Майрам сайын же жөн эле досторун, тааныштарынын көңүлү үчүн почта аркылуу бири бирине белектерди жиберип турушат.

женем8женем7

Япония мамлекетинин үлгү болчу кандай өзгөчөлүктөрү бар экен?

-Биз тоону баалагандай эле, япондор сууну аябай бийик коюшат. Керек болсо деңиз күнү деп, деңизге сыйынып майрамдап калышат. Өзгөчөлүктөрү көп эле, эң биринчиси  эли аябай эмгекчил келишет. Шаардын тазалыгы, биздегидей көчө шыпыргыч жок, көчөлөрүндө таштанды салчу урна жок, дүкөндөрдүн эле астында болбосо, ага карабастан шаардын аябай таза. Бири-бири менен урушканын коргон жокмун ушул күнгө чейин, эмоцияга дээрлик алдырбай, жини келип турса дагы сылык сүйлөйт. Анан дагы эң эле жакшы жери бир проблема чыкса, ошону акырына чейин түп тамыры менен көйгөйдү кайра кайтып барбай тургандай кылып майдалап чечишет.

дас1женем6

Өз мекениңизге кайтуу пландарыңыз барбы же… ?

-Буйруса Япониядан иш системасын үйрөнүп, иш тажрыйба топтоп алып Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошом деген оюм бар. Албетте, бул максаттар үчүн убакыт талап кылынат, дагы 2-3-жылдын ичинде кетебиз го.

fakt.kg

 

 

 

 

 

 

One comment

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful