Templates by BIGtheme NET

Оппозициялык кыймыл Сариевдин отставкасын талап кылууда

Өзбек чек-арачылары 18-март күнү Аксы районуна мыйзамсыз бастырып киришкен эле. Ошондон бери туура 6 күн өтсө да, алгылыктуу иштер боло элек. Ал ортодо коомдук активисттер Ак үй алдына нааразычылык акциятемирсына чыгышып, өкмөткө бир топ талаптарды коюшкан.

Бүгүн, “Эл үнү” оппозициялык кыймылы Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, чек ара маселесин талкуулоосу керектигин билдирди.

“Парламент ратификацияламайынча жерлер берилбеши керек. Бирок өкмөт өзүнүн протоколунда ал жерди Өзбекстандыкы деп таанып жатат. Өкмөттүн бул аракети мыйзамсыз. Маселе Жогорку Кеңеште каралсын” деди аталган уюмдун мүчөсү Мамбетжунус Абылов .

Абылов Премьер-Министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылды.

Эске салсак, буга чейин өкмөт Үңкүр-Тоону 2015-жылдын ноябрында Өзбекстандын менчигине өткөрүп бергендиги айтылган болчу. Өкмөт болсо, Телемунараны башка жакка көчүрүү жөнүндө сөз болбогонун айтып чыкты.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful