Templates by BIGtheme NET

“Кара алтындын” “Көмүскөдөгү кожоюну” ким

 

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында, Нарын облусунда эмне себептен көмүр жетишсиздиги жаралгандыгын депутаттар талкуулашты. Депутат  Камчыбек Жолдошбаев  өзү да ушул тармакты жакшы түшүнгөн адам катары, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповду “Эмнеге базарда көмүр кымбат, эмнеге жетпей жатат”- деген курч суроолору менен кысымга алды.

scale pan with money and coal

Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, “облус боюнча 43 миң тонна көмүр керектелет. Баардык бюджеттик мекемелер көмүр менен камсыздалган. Облус боюнча 68 көмүр кампасы түзүлгөн. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көмүрдү мүшөктөп алганда кымбат болуп калып жатат. Негизи 3 күндөй гана көмүр болгон жок. Азыркы тапта Нарын шаарында 350 тонна, облустун көмүр кампаларында 796 тонна көмүр запасы бар. Бүгүнкү күндө Нарында 38 градуска чейин суук болуп, кошумча көмүр зарылдыгы жаралууда”, -деп билдирди

Депутат Аида Салянова жергиликтүү эл 7-10 күндөй көмүр болбогонун айтып жаткандыгын, облус башчысынын 3 күндүк көмүр болгон жок деген маалыматын четке какты. “Негизи эле ушундай кырдаалга алып барбаш керек эле”,- дейт эл өкүлү.

Эмне үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы өндүргөн көмүрдүн өздүк баасы 1200 болсо, Нарындын башка райондоруна 2-3 эсе кымбат сатылат. Атайын көмүр жок деп баасын көтөрүшкөн да. Монополияга каршы комитети кайсы жакты карап олтурат. Кыштын кычыраган суугунда көмүр кымбаттап жатса, Монополияга каршы комитети көрсө да, көрмөксөнгө салып олтурганына караганда “кара алтындын”  “Көмүскөдөгү кожоюну” ким болду экен. Бир билсе Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов билет, түз берилген суроолорго жакшы жооп бербегенине караганда.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful