Templates by BIGtheme NET

2016-жылы Жалал-Абад облусунда 2469 кылмыш иши козголгон

 

Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болду.

1 2

Ага ИИМдин орун басары милициянын генерал майору К.Асанов, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары, областын күч түзүмдөрүнүн жана өкмөттүн жергиликтүү ыйгарым өкүлүнүн орун басарынын катышуусунда өттү. Ыкчам кеңешмени Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ж.Джоробеков алып барып, жалпысынан Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат, сырткы кызмат, тергөө, кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн абалы каралды. Алсак, 2016-жылдын 12 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу -83ге 2469 (2552) азайган. Анын ичинен 2021 кылмыш иши козголуп, 2317 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, отчеттук мезгилде катталган кылмыштардын ичинен 2071 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу пайызы 89,4% түзгөн.

43

ИИМдин орун басары К.Асанов Жалал-Абад областындагы диний экстремизмге, терроризмге каршы, жаш өспүрүмдөр багытында, жол кырсыктарын алдын алуудагы иш-аракеттерге айрыкча басым жасады. Ошондой эле областагы кылмыштуулукту алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан профилактикалык аракеттерди, ыкчам тергөө жумуштарын баалап өттү. Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам-кеңешмесинин чечими менен Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери “канаттандыраарлык” деп эсептелди. Ошондой эле айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү сынга алынып төмөндөгүдөй тартиптик жазалары берилди. “сөгүш”(9) ; “катуу сөгүш” (3); “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” (8); “ээлеген кызматынан бошотулуп төмөндөтүү менен пайдалануу” (1) ; “көлөмү азыраак башка ШРИИБнө ротациялансын” (2); жана 3 жетекчиге ооруканадан чыккандан кийин тартиптик жазалары каралсын деген чечим чыкты.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкекте бычак жеп бир бала каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful