Templates by BIGtheme NET

Ислам Каримовдун китеби сатылышы боюнча биринчи орунга чыкты

Ташкентте өткөн «Китептер дүйнөсү» соода жарманкесинде 2016-жылы Өзбекстанда эң көп сатылган китептердин рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу өзбек ММКлары жазышты.

=збек

Коомдук-саясий адабият багыты боюнча Ислам Каримовдун «Юксак маънавият – енгилмас куч» (“Бийик руханият – жеңилбес күч”) китеби биринчи сапка чыккан. Андан сырткары Өзбекстандын биринчи президентинин дагы үч китеби аталган жанрдагы эң популярдуу китептердин алдыңкы бештигине кирген.

Руханий-агартуу адабияты жанрында Тахир Маликтин «Меҳмон туйғулар» (Көңүлдөгү кыял), «Одамийлик мулки» («Адамгерчиликтин байлыгы») жана шейх Мухаммад Содик Мухаммад Юсуфтун «Рухий тарбия» китептери көп сатылган.

Көркөм адабият боюнча Өзбекстандын окурмандары Уткир Хашимовдун, Марсель Брион жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көп сатып алышкан. Өлкөнүн түштүк райондорундагы жашоочулардын арасында Худайберды Тухтабаев, Жонатан Свифт жана Гафур Гулямдын китептерине суроо-талап көп болгон.

fakt.kg

Тема боюнча:  Трансгендерлер президентти сотко берди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful